Кремлдин эсебинде, Чеченстанда бул жолу өткөрүлгөнү аткан шайлоо Кавказ аймагын согуштук абалдан ырааттулук абалга өткөрөт. 2003 жылы чечен жарандары негизги мыйзам кабыл алышкан. Ошол эле жылы Ахмат Кадыров президент болуп шайланган. Эми парламентти шайлоо өтсө анда жумурияттын бардык бийлик институттары калыпка салынат дешет. Ошол эле учурда Чеченстанда ички абал согуш менен террорчулук кездеги шартта боюнча калууда. Мурунку аптада, маселен, орусиялык аскерлер мас болуп алышып Чеченстан ИИМинин үч милициясын атып ташташкан. Андан мурунку аптада болсо федералдык аскерлер Эски Атагы айылын оор артиллерия менен аткылоодон 6 тургун жарадар болуп, 8 там-таш кыйратылган.
Орусиялык адам укугун коргоочулар айтканга караганда, добуш берүүчүлөр арасында коркуп-үркүү маанайы бар. Буга кошумча тизмедеги 600миңге чукул кишинин 34 миңи жумурият жеринде жайгашкан федералдык аскерлер. Алардын добушун эске алганда Кремль кимди депутат кылгысы келсе ошолорду шайлатып алууга болот дешет. Андай депутаттар “Бирдиктүү Орусия” партиясын аркалагандар дешет.
Жумурият шайлоо комитетинин төрагасы Исмаил Байхановдун каалаганы тургундардын добуш берүүгө кеңири катышуусу болууда:
- Биз дагы бир жолу кайталап, бүгүн, биздин элди өз атуулдук милдетин аткарышына чакырабыз. 27 ноябрде келип добуш берүүсүн эскертебиз.
Сырттан көз салуучулар, жумуриятта 2004 жылы 9-майда жардырылып өлтүрүлгөн президент Ахмат Кадыровдун уулу вице-премьер Рамзан Кадыровдун түздөн-түз Кремлm колдоосу астындагы киши болгондуктан парламентке депутат болуп тандалгандар анын “батасын алып” гана каттоодон өтүштү дешет. Алманияда чыкчу “Дие Тагесцфйтуңг” (Die Tageszeitung) жазганга караганда, “Жумурияттык партия, көзкарандысыз депутат Владимир Рыжков, “Биз тандаган жол” партитясы баштаган, алардан сырткары дагы жыйырма адам укугун коргоочу уюмдар Рамзан алдын ала ылайыксыз деп айтканга байланыштуу ат салышууга кошулбай калган”.
Ошол эле учурда, «Оңчулдар күчү союзу» партиясынын өнтөлөөсү менен үстүдө жылы көзү тазаланган президент Аслан Масхадовдун өкмөтүндө коргоо министри болгон Магомед Хамбиев депутатыкка көргөзүлүүдө. Кезегинде кадыровчулар шылуундары Хамбиевдин бир нече урук-туугандарын барымтага алып, алардын канын төгөбүз деп коркутканда жашынып жүргөн жеринен чыгып, колго түшүп берген. Ошол “эмгеги” эске алынды дешет.
Азыркы тушта Чеченстан тургундары федералдык эле бийликке эмес жергиликтүү бийликке да толук көз каранды абалда экенин анализчилер айтышат. Буга согуштун уланып атышы себепкер дешет. Саясий анализчи Юрий Ханжиндин эсебинде, мындай шартта эркин шайлоо өтүшү дегеле мүмкүн эмес:
- Кандайдыр бир адилет шайлоо болот деш мүмкүн эмес. Ар бир бийликке макул эместигин көргөзгүсү келген киши атылып, уурдалып же дагы бир себеп менен көзү тазаланып салынышы толук мүмкүн.
Орусиялык басылмалар билдиргенге караганда, кийинки күндөрү талапкер болуп каттоодон өткөндөр арсынан 7 киши жарышка катышуудан баш тартышкан.