Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

ОРУС БАСМА СӨЗҮ: «КЫРГЫЗСТАНДЫ ПРЕЗИДЕНТ ЭМЕС, КРИМИНАЛ БАШКАРАТ»


Төрөкул Дооров, Москва Орусиялык гезиттер ушул апта ичи жума башында Коопсуздук кеңешинин Бишкекте өткөн жыйыны жана өлкөдөгү кылмыштуулук, «Бител» мобилдик байланыш компаниясы айланасындагы чатак боюнча темаларга өзгөчө кызыгуу арттырышканы байкалды.

«Ырасмий Бишкек өлкөнү башкара албай калганын мойнуна алды». Коопсуздук Кеңешинин жыйыны жөнүндө, дегеле, өлкөдөгү жалпы саясий кырдаал тууралуу макаласын «Независимая газетанын» кабарчысы Виктория Панфилова ушинтип баштады. Макала «Кыргызстанды президент эмес, криминал башкарат» деген ат менен жарык көрдү.

Жыйында президент «Бүгүнкү күндө мен тартип коргоо органдарынын ишмердүүлүгү өлкөдөгү кылмыштуулукка байланыштуу жагдайга толугу менен жооп бере албай жаткандыгы жөнүндө айтууга мажбурмун», - деп билдирген эле. Гезиттин билдиришинче, Бакиев «Бизде кылмыштуулук менен эч ким күрөшпөй калды», деп айткан.

Журналисттин пикиринде, «Бул өңдүү оозду ачырган түз билдирүүлөрдү азырынча постсоветтик мейкиндиктеги бир мамлекеттин да лидери жасай элек болсо керек. Жыйынга катышкан президент да, Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов да, башпрокурор Камбаралы Конгантиев да Кыргызстан криминалдык жана граждандык согуштардын алдында тураарын билдиргендей болушту», деп белгилейт «Независимая газета».

Мына ушул эле темага кайрылган «Новые известия» басылмасы шейшембидеги санында «Кылмыштуу топторду эч ким жазага тартпагандан кийин, алар эми саясатка кирише башташты», деп жазды.

Ал эми «Красная звезда» гезити билдиргендей, «Кыргызстандагы бүгүнкү криминогендик абалдын ушул тапта кызуу жүрүп жаткан мүлк талаш менен да тыгыз байланышы бар. Коррупцияга белчесинен баткан чиновниктер менен «демократ болумушчулар» көбүнчө наркобизнес менен да байланыштары бар. Кыргызстанда саясий кырдаал курчуп, терроризм проблемасынын пайда болушу да ушул баңги маршрутунун күчөгөнүнөн болуп жатат», деп эсептейт гезит.

«Красная звезда», ошондой эле, Коопсуздук кеңешинин жыйынында эми кыргыз бийликтери абалды турукташтыруу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими жана Шанхай бешилтиги уюмдары боюнча өнөктөштөрү менен ишти жандандырууну каалап жатышканын өзгөчө белгилеп кетти.

«Кыргызстанда мобилдик телефондук байланыш боюнча «Бител» компаниясын орусиялык МТС компаниясы сатып алганы жатат». Бул тууралуу бейшемби күнкү санында «Ведомости» басылмасы кабарлады. Макалада айтылгандай, МТС «Бител» компаниясын казакстандык «Альянс Капитал» компаниясынан сатып алууну ниет кылып жатат.

Ошол эле учурда басылма азыр «Бителдин» чыныгы кожоюну ким экени белгисиз экенин айтат. Акыркы жарым жыл ичинде эле компаниянын кожоюндары үч жолу алмашты, азырга чейин «Бител» кимге карай турганы так белгисиз», дейт «Ведомости».
XS
SM
MD
LG