Декабрдын ортосуна чейин пункт күнүнө 4 саат ачык болот, андан кийин кадимкидей эле 24 саат иштеп турат. Ушинтип палестиналыктар алгач ирет башка мамлекет менен чегарасын өз көзөмөлүнө алды.
Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас Рафах чегара пунктунун кеңири калк үчүн ачылышы чоң мааниге ээ болот, деп баса белгиледи:
- Коопсуздуксуз бир да башка демилгелерден майнап чыкпайт. Коопсуздук гана бизге көздөгөнүбүзгө жетүү үчүн сыйкырдуу ачкыч болуп бере алат.
Палестинанын өкмөтү чегара пунктунун иштей башташы экономиканын өнүгүшүнө, соңку айларда 40 процентке жеткен жумушсуздуктун жоюлушуна жардам берет, деп үмүттөнөт.
Рафах бекети 1979-жылы Израиль менен Египет ортосунда тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин ачылган. Израилдин оккупациясы астында ары бери каттаган эл узун кезектерге туруп, жөөт аскрелеринин текшерүүсүнөн өтүшчү.
7-сентябрда болсо Газа тилкесинен чегингенден көп узабай Израиль Рафахтагы пунктту Египеттен агылган согушкерлер жана курал-жарак аткезчилери колдонууда деген шылтоо менен жаап койгон. Айдын башында АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын арачылыгы менен Израиль менен Египет сөз болуп жаткан чегара пунктун кайра ачуу боюнча сүйлөшүү өткөрүшкөн эле.
Эми ал жердеги көзөмөл Палестин автономиясына өткөрүлүп берилгени менен дээрлик 1 жыл бою Еврошаркеттин 70тей байкоочусу чегараны көзөмөлдөп турмакчы. Алар жүргүнчүлөрдү, автоунааларды кармоого да укуктуу.
Биримдиктин тышкы саясат боюнча жоопту өкүлү Хавьер Солана бул - Палестин мамлекетин түзүүгө карай маанилүү кадам деп белгиледи. Расмий аземге катышкан Европа Биримдигинин Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Марк Отте шаркет бүгүнкү окуянын маанисин жакшы түшүнөт деп билдирди:
- Чегара тирешүүнүн тилкесине айланганда бул – абдан кооптуу. Ал эми чегара элдердин, коомдордун, экономикалардын ортосундагы көпүрө болуп калганда бул - өтө позитивдүү. Чегара башка эл менен, башка маданият менен жолугушуулардын жерине айланып калат. Биз муну Европанын мисалында үйрөнүп, сиздерге да чегараларыңарды көпүрөлөргө айлантууга жардам бергибиз келет.
Бирок жетишилген келишимге ылайык, Израиль бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан базадан видеобайланыш аркылуу чегараны көзөмөлдөөнү уланта бермекчи.