Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

ЧЕЧЕНСТАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТҮП ЖАТАТ


Жумурияттын вице-премьер-министри Рамзан Кадыров жергиликтүү саат 13кө карай шайлоочулардын 25 пайызы добуш бергенин билдирди. Бул – шайлоо өттү деп тааныш үчүн жетиштүү. Укук коргоочулар болсо федералдык бийлик өз милдеттерин жергиликтүү өкмөткө жүктөөдө деп, Кремлди сынга алды.

Чеченстандын жаңы конституциясына ылайык, жумурият эми эки палаталуу парламентке өтүдө. Жогорку палата – Республиканын кеңеши, бир мандаттуу чөлкөмдөрдөн шайланган 18 кишиден турат. Төмөнкү палата же Элдик ассамблеяга болсо 40 дупатат шайланмакчы. Алардын жарымы саясий партиялардын өкүлдөрү болмокчу.

Бүгүнкү ат салышууга 350 талапкер жана 7 партия катышууда. Кандидаттардын арасында москвачыл администрациянын жана орус армиясынын өкүлдөрү көп. Кээ бир жергиликтүү баяндамачылар эки палатадагы тең көпчүлүк орундарды жумурияттын вице-премьер-министри Рамзан Кадыровго лоялдуу талапкерлер жеңет, деп ырасташат.

Чеченстандын мурдагы президенти, маркум Ахмад Кадыровдун уулу Рамзан жакында жол кырсыгына учураган өкмөт башчы Сергей Абрамовтун милдетин убактылуу аткарууда.

Бүгүн эртең менен добуш берип жатып, республиканын президенти Алу Алханов өнөктүк Чеченстандагы кырдаалды жөнгө салууга жардамдашат деген үмтүн билдирди:

- Бүгүн бардыгы парламент менен өкмөттөн элдин жашоо стандарттарын жакшыртууга багытталган иш-аракеттерди күтүүдө. Парламент экономиканын эффективдүү болушун, рынок экономикасынын, инвестициялардын өнүгүшүнө өбөлгө түзө турган мыйзамдардын кабыл алынышын камсыздоого тийиш.

Россиянын маалымат каражаттары элдин катышуусу өтө жогору болууда деп билдиришүүдө. Рамзан Кадыров ИТАР-ТАССка ырастагандай, жергиликтүү саат 13кө карай 600 миңдей добуш берүүчүнүн дээрлик 25 проценти шайлооканаларга барып, өз эркин билдирип кетишти. Чечен конституциясына ылайык, шайлоо өттү деп тааныш үчүн ага жалпы шайлоочулардын төрттөн бир бөлүгү добуш берүүгө тийиш.

Россиянын жана чет өлкөлүк укук коргоо топторунун коалициясы атайын доклад жасап, Чеченстанда коркутуп-үркүтүү өкүм сүрүүдө, деп белгилешти. Кремль өз жоопкерчилигин москвачыл өкмөткө жүктөөдө, мындай саясат жумуриятка стабилдүүлүк эмес, тескерисинче, турксуздук алып келүүдө, дешет укук коргоочулар.

Чечен сепаратисттеринин жетекчилиги да бүгүнкү шайлоону саясий фарс деп атады. Кечээ сепаратисттик өкмөттүн вице-премьери, бозгунда жүргөн Ахмад Закаев өнөктүк Чеченстандагы кырдаалды тынчтык жолу менен теске салуу күнүн алыстатат, деген билдирүү жасады.

XS
SM
MD
LG