Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

АРМЕНИЯДА КОНСТИТУЦИЯГА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА РЕФЕРЕНДУМ ӨТТҮ


Өлкөнүн оппозициясы бул өнөктүктү бойкоттоду. Баш мыйзамга киргизилчү алымча-кошумчалар сот, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарынын так бөлүнүшүн көздөйт. Добуш берүүгө Армениянын жарандарына башка өлкөлөрдүн жарандыгын алууга тыюу салган чектөөлөрдү алып салуу сунушу да коюлган.

Кошмо Штаттары жана Европа Биримдиги мындай демилгелерди кубаттап, конституицялык өзгөртүүлөр Армениядагы демократияны чыңдоого салым кошот, деп ырасташат. Европа Кеңешинин жардамы менен иштелип чыккан алымча-кошумчалардын колдоо табышы үчүн добуш берүүчүлөрдүн кеминде үчтөн бир бөлүгү “ооба” деп жооп бериши керек. 2003-жылы өткөрүлгөн ушундай эле референдум ийгиликсиз аяктаган эле.

Еревандагы добушканада кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Армениянын президенти Роберт Кочарян өзгөртүүлөрдү колдоп берүүгө үндөдү:

- Бүгүн армян эли бийлик бутактарынын так бөлүнүшү же күчтүү президенттик системанын кала беришин тандашы керек.

Оппозициянын өкүлү Виктор Далакян мамлекет башчы добуш берүүчүлөрдү ачыктан ачык үгүттөдү деп сындады:

- Кочарян референдумдар жөнүндөгү мыйзамдын экинчи жобосун жана баш мыйзамдын 3-жобосун бузду. Алар “ачык шайлоого” тыюу салышат. Муну менен президент башка добуш берүүчүлөрдү да “ооба” деп жооп берүүгө үгүттөдү. Биз аны мыйзам бузуу деп эсептейбиз.

Кечээ оппозиция референдумга каршы демонстрация өткөрдү. Алар Кочаряндын конституцияны өзгөртүүгө укугу жок, алымча-кошумчалар иш жүзүндө президенттин бийлигин күчөтөт, деп эсептешет.

Кочаряндын мураскери деп эсептелип жүргөн коргоо министри Серж Саргисян оппозиция акциясына көп эл тарта алган жок деп ачыктан ачык мазактады:

- Мен демонстрация өткөрүп, миң киши чогулта албасам, албетте, өз жанымды кыйбайт болчумун, бирок уялганыман элдин көзүн карай албай калат элем.

Саясий аналитиктер элдин добуш берүүгө барбай коюушу Кочаряндын пландарын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG