Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

САДДАМДЫН СОТУ УЛАНТЫЛДЫ


Багдадда дүйшөмбүдө Саддам Хусейндин үстүнөн сот иши улантылды. 1980-жылдары 150 чакты кишинин өлүмү үчүн соттолуп жаткан Саддамдын иши мурдагы серб президенти Слободан Милошевичтин үстүнөн жүрүп жаткан соттон кандай айырмасы бар? Бийликте ким турбасын, сотту ким жүргүзбөсүн, анын акыйкаттыгы камсыздалбаса, мыйзамдын үстөмдүгү курулай сөз бойдон калбайбы?

– Сребреница трагедиясынын ошол июлдагы тогуз күнү серб эли үчүн бетке чиркөө болду. Ал кылмыштын катышуучулары эч нерсе менен өздөрүн актай алышпайт. Элдин атынан кылмыш кылгандар ошол элге каршы кылмыш кылышат.

Сербиянын учурдагы президенти Драган Чавич былтыр Сараеводо болгондо, мына ушул сөзү менен сербдердин күнөөсвн мойнуна алган эле. 1995-жылы, Балкан согушунун мезгилинде Белград колдогон босниялык сербдердин армиясы Сребреницада жети миңден ашык эркек мусулмандарды кырып жок кылган.

– Ооба, барам. Эмнеге барбай коймок элем. Саддам Хусейн кантип менин бир тууган ага-инилеримди жок кылганын, бир туугандарымды гана эмес, ирактык атуулдарды өлтүргөнүн айтып берем.

Бул болсо - 1982-жылы Ирактын Дужайл айлында Саддам Хусейндин коопсуздук күчтөрү жок кылган 143 кишинин биринин карындашы. Саддамга кол салуу аракетинен кийинки кыргында дагы 1 жарым миңдей киши эрме чөлдөгү терезеси жок түрмөлөрдө көптөгөн жылдарга камалган болчу.

Эки учурда тең куралсыз карапайым адамдардын аскерлер тарабынан кырылышынан жүрөктөргө түшкөн жара айыкпаганына күбө болобуз. Азыр эми Багдадда танапистен кийин соту кайра башталып жаткан Саддам Хусейн адамзатына каршы кылмыштары же согуш кылмыштары үчүн жазага тартылган көзгө басар мамлекет башчысы катарында Слободан Милошевичке кошулду.

Арийне, экөөнүн соту эки бөлөк аймакта жана такыр бөлөк шарттарда орун алууда. Милошевич Мурдагы Югославия боюнча согуш кылмыштарын соттоо үчүн атайын түзүлгөн Эл аралык Гаага Трибуналында соттолууда. Сот иши эл аралык мыйзамдардын негизинде жүрүп жатат.

Сот иши 19-октябрда башталган Саддам Хуссейн Багдадда, Ирак сотунда Ирак мыйзамдарынын негизинде жүрүүдө. Ушуга байланыштуу Саддамдын соту акыйкат болобу деген суроо жаралбай койбойт. Хьюман Райтс Уотч уюмунун өкүлү Ричард Диккердин айтымында, Гаага Трибуналынын эл аралык мыйзамдардын негизинде иштеши үчүн олуттуу аракеттер көрүлгөн, бирок Саддамдын сотунда мыйзамдык стандарттардын канчалык сакталаарын айтуу кыйын. Мындан тышкары, Гаага Трибуналында убакыт жагынан чектөө коюлган эмес, демек Милошевичтин коргонууга даярданганга кенен-кесири убактысы бар. Сот ишинин төрт жылдан бери бүтпөй келатканынын да бир себеби ушунда.

Ал эми Саддам Хусейндин сотун тез арада бүтүрүп, анын аркасы менен козголоңдорду токтотууга нийеттенишүүдө. Бирок эксперттер эскерткендей, Саддамдын сотун элдер акыйкат өттү деп кабылдабаса, сот иши өз максатына жете албайт. Ал эми сот ишинин максаты биринчи кезекте бийликтин зулумдугу мыйзамдын үстөмдүгүнөн качып кутула албай тургандыгын далилдөө эмеспи.

XS
SM
MD
LG