Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

ТАЛИПТЕРДИН СӨӨКТӨРҮН ӨРТТӨГӨН АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ ГАНА БЕРИЛЕТ


Октябрдын башында АКШнын Ооганстандагы аскерий командачылыгы талиптердин сөөктөрүн өрттөп салуу фактысын иликтей башташкан эле. Ишембиде генерал Жэйсон Камия иликтөө шариятка сыйбаган бул окуя үчүн эки кенже офицер жооптуу экенин далилденгенин, бирок алар сотко тартылбастан, эскертүү гана алышаарын билдирди. Кечээ Ооганстандын тышкы иштер министрлиги мындай жазалоону өтө жумшак, деп баалады.

Согуштук аракеттерге катышкан америкалык аскерлерге берилчү көрсөтмөгө жана Женева конвенциясына ылайык, душмандардын сөөктөрү жерге көмүлүүгө тийиш. Бирок Пентагондун басма сөз катчысы майор Тодд Вишин билдиргендей, 1-октябрда Ооганстанда аба ырайы абдан ысык болгондуктан эки талиптин өлүгү тезе эле чирий баштаган. Мындай шартта америкалык жоокерлер гигиеналык себептерден улам, аларды өрттөөнү туура табышкан. Майордун айтымында, бул жерде алар ката кетиришти:

- Женева конвенциясында санитардык себептерден сөөктөрдү өрттөсө болот деп айтылса, Ооганстандын маданияты жана салты ага тыюу салат.

Америкалык аскерлер аны билүүгө тийиш эле. Же болбосо жок дегенде жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү менен макулдашышы керек болчу, деп сөзүн улантат Вишин.

Бирок мындай түшүндүрмө Хьюман райтс уоч укук коргоо уюмунун изилдөө директору Сам Зия-Зарифини ынандырбайт. Себеби америкалык армиянын китепчесинде аскерлер гигиеналык маселелерди өз алдынча чече алышпайт деп так айтылган:

- Адам жугуштуу орудан каза тапса же болбосо анын өлүгү суу булагына жакын болсо, ошондо гана санитардык жүйөө тууралуу сөз кылса болот. Бирок чечим медиктер тарабынан кабыл алынат.

Зарифинин ырастоосунда, жоокерлердин медициналык бөлүк менен кабарлашууга убактысы бар болчу. Анын ордуна аскерлер өз алдынча аракеттенип, АКШнын аброюна доо кетиришти.

Пентагондун басма сөз өкүлү кээ бир америкалык жоокерлер ката кетиришкенин моюнга алат. Иликтөөнүн натыйжасында эки кенже офицерге сөгүш жарыяланды:

- Биз Ооганстандын салт-санааларын, маданиятын жакшылап үйрөнүшүбүз керек. Азыр ошол жакка жиберилип жаткан жана өлкөдө кызмат өтөп жүргөн жоокерлерге ооган элинин адаттарын окутуп жатабыз.

Миссиябыздын өтөлүнө чыгыш үчүн баарыдан мурун ооган элинин ишеничине ээ болуш керек. Анын эң жакшы жолу мындан ары жогорудагыдай окуяларды болтурбоо, деп жыйынтыктайт Пентагондун өкүлү.

XS
SM
MD
LG