Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

ЕВРОПАДА ЦРУнун ЖАШЫРУУН АБАКТАРЫ БОЛГОН-БОЛБОГОНУ ДАЛЕ БЕЛГИСИЗ


Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайердин Вашингтонго биринчи жолу барышы бир аз ыңгайсыз мезгилге туш келди. эң жөнөкөй укуктарынан пайдалана албаган шектүү террористтер үчүн АКШнын ЦРУсу жашыруун түрмөлөрдү иштетет деген кабар Европа Биримдигинин тынчын алууда. Бул түрмөлөрдүн айрымдары Европанын аймагында да бар болушу ажеп эмес. Маселе шейшемби күнү Штайнмайер АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс менен жолукканда көтөрүлдү.

Мамлекеттик Департаменттин маалымат катчысы Шон МакКормак Райс менен Штайнмайер жашыруун түрмөлөр маселесин талкуулаганын моюнга алып, бирок сүйлөшүүдө бул көп маселелердин бири гана болду деди:

– Катчы Райс тышкы иштер министри Штайнмайерди Кошмо Штаттарынын бардык аракеттери АКШнын мыйзамдарына жана конституциясына шайкеш келет жана биз эл аралык милдеттенмелерибизди аткарып жататбыз, деп айтты. Европа Союзунун президенттиги Кошмо Штаттарына бул маселелер боюнча суроолорун жиберет деп түшүндүк жана катчы тышкы иштер министрин Кошмо Штаттары ал суроолорго жооп берет деп ишендирди.

Вашингтондогу пресс-конференцияда бирок Райс жашыруун түрмөлөрдүн кайсы жерлерде жайгашканын айтабы деген суроого МакКормак жооп берген жок. Ал түрмөлөрдүн бар же жок экендигин ырастап же четке кага да алган жок.

Шейшембиде америкалык гезитте жарыяланган макаласында Кондолиза Райс террорго каршы согушта камакка алуунун катардагы эрежелери колдонулбайт деп айткан эле. МакКормак буга буларды кошумчалады:

– Террористтерде чектөө деген жок. Алар эрежелерди сактабайт, эч кандай мыйзамдарды да аткарбайт. Алар форма кийип жүрүшпөйт. Ошондуктан биз баарыбыз орток душман менен күрөштө бирге аракеттенип жатабыз.

Европа Союзунун келишими боюнча, адам укуктарын одоно бузган мүчө-мамлекетке каршы санкциялар киргизилиши мүмкүн. Эгер мындай сунуш Европа Парламентинде көпчүлүк колдоого ээ болсо, мүчө-мамлекет добуш берүү укугунан жана башка мүчөлүк укуктарынан айрылып калышы мүмкүн. Азырынча, америкалык жашыруун түрмөлөргө уруксат берген деп Румыния менен Польша шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG