Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

БАШ ПРОКУРАТУРА ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ ТААНДЫК МҮЛККӨ БАЙЛАНЫШКАН ИШТИ АЯГЫНА ЧЫГАРАТ


30-ноябрда баш прокурор Камбаралы Конгантиев маалымат жыйынын өткөрүп, депутат маркум Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнүн себептери иликтенип жатканын, жаза өтөө башкармалыгындагы абал жана экс-депутат Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөр боюнча козголгон 21 кылмыш иши сотко өткөрүлгөнүн, бул боюнча иштер аягына чыгарыларын билдирди. Ал эми Акаевдин адвокаты Максим Максимовичтин айтымында, экс-президенттин үй-бүлөсүнө негизсиз мүлктөр таңууланууда.

Башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин маалымат жыйынында билдиргенге караганда, киши колдуу болуп набыт кеткен парламенттин мурдакы депутаты маркум Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши боюнча Улуттук коопсуздук кызматы тергөө иштерин аягына чыгып, Сурабалдиевди аткан кишилерди издөө жүрүп жатат. Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты маркум Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө байланыштуу Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан жүргүзүлгөн оперативдүү иштерден кийин эки адам кармалып, алар кылган кылмыштары боюнча тергөөдө көрсөтмө берип, бул иш жакында сотко ашырылат.

Ошондой эле Конгантиев депутат, маркум Тынычбек Акматбаевдин жана анын жанындагылардын өмүрүнө кол салган №31 колониядагы окуя боюнча башкы прокуратура тергөө иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи:

- Бүгүнкү күнү бул ишти башкы прокуратура тарабынан түзүлгөн оперативдик-иликтөө тобу иликтөөдө. 35тен ашык ар кандай экспертиза, 90дон ашык күбөлөр жана кылмыш окуясын көргөндөр суралды. Биз пландаштырып жатабыз, мыйзамда көрсөтүлгөн эки ай мөөнөттүн ичинде бул ишти аяктап, сотко өткөрөбүз.

Камбаралы Конгантиевдин айтымында, Тынычбек Акматбаевди жана анын жанындагыларды өлтүрүүнү уюштурган Азиз Батукаев, Рустам Абдулин жана башка кылмышка катыштыгы бар адамдар коопсуздук кызматынын тергөө абагында көрсөтмө берүүдө. Ал ошондой эле жаза өтө жайларында мындай башаламандыкка жол берген жаза аткаруу башкармалыгынын мурдакы жетекчиси Владимир Носовдун үстүнөн кылмыш иши козголгонун, учурда ал издөөдө экендигин, анын ишке шалааклыгынан аталган башкармалыкка 18 млн. сом зыян келтирилгендигин белгиледи.

Башкы прокурор экс-президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөр тууралуу мамлекеттик комиссиянын башкы прокуратурага өткөрүп берген иштери тууралуу буларга токтолду:

- Алардын мүлкү боюнча 68 кылмыш иши козголгон. Алдын ала такталгандай, анда 400 миң сомдон ашуун жана 22 млн. доллар өлчөмүндө чыгым келтирилген. Анын 27 иши Мээрим фонусуна таандык. Жалпысынан 21 ишти сотко өткөргөнбүз. Сотто алты иш каралып 7 киши эркинен ажыратылып, бирөө акталган.

Баш прокурордун билдиргенине караганда, Акаевдин үй-бүлөсүнө таандык мүлккө байланышкан иш боюнча ар кандай себептер менен тогуз кылмыш иши токтотулуп, ал эми он экиси убактылуу токтотулган.

Экс-президент Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович болсо, башкы прокурор Камбаралы Конгантиев мамлекеттик комиссия Акаевдердин үй бүлөсүнө байланыштуу кошуп жазган маалыматтарга таянышы мүмкүн, деген пикирде:

- Айдардын үстүнөн эки кылмыш иши козголгон. Бирөөсү үй-бүлөлүк турак-жайды өкмөттүн эсебинен куруп атат деп. Экинчиси, Айдар автомашина сатып аткезчилик кылган, салык төлөгөн эмес деп. Ал боюнча төлөнбөгөн бажы салыгын төлөп беришкен. Ал эми турак үй боюнча, ал Мээрим фондусуна таандык, мамлекеттин карамагында экендиги аныкталган. Башкы прокурор жогорудагы айткан сумма, 22 млн. доллар Данияр Үсөновдун мамлекеттик комиссиясынын жыйынтыгы тууралуу айткандарынан болсо керек.

Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев экс-президенттин чет өлкөдөгү мүлкүн иликтеп, мамлекеттик казынага пайда өндүрүү максатында өкмөт тарабынан такатап айтканда, мурдакы биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов тарабынан келишим түзүлүп, жанынан 500 миң доллар төлөп жалдаган, чет өлкөлүк адвокат Либермандан алигиче бир цент да каражат казынага түшпөгөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG