Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

АКШ ӨКМӨТҮНҮН ЭЛ АРАЛЫК САХНАДАГЫ АЛСЫЗДЫГЫ


Нарын АЙЫП, Прага АКШнын Стратфор изилдөө борборунун айтымында, акыркы жарым жылда АКШ жетекчилиги негизинен ички маселелер менен алышып жатканда, дүйнөдө бир топ өзгөрүүлөр болуп кетти. Дал ошол убакта Европа Биримдигинде дагы орчундуу маселелер чыкты, ошондуктан Маскөө өзүнүн күчүн көрсөтө баштады.

Стратфор борбору 30-ноябрда чыгарган макаланын автору Питер Зейхандын айтымында, акыркы айларда АКШ жетекчилиги бир топ кыйынчылыктарга дуушар болду жана алар негизинен ички маселелер менен байланышкан. Ирак менен Ооганстандагы аракеттер канчалык татаал болсо дагы, ал жактагы иштерди кантип алып баруу керек экени жетекчиликке жалпысынан белгилүү.

Бирок Катрина бороон-чапкынынан кийин өлкөнүн өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу маселеси кайра карала баштады, АКШ Жогорку сотунун мүчөлүгүнө президент Жорж Буш өзүнүн жакын адвокатын сунуштаганы эбегейсиз каршылык жаратты, вице-президент Дик Чейнинин жардамчысынын айланасындагы чатак дагы кантип аяктаары азырынча белгисиз. Бул маселелердин айынан Америка өкмөтү акыркы алты айда эл аралык маселелерге көп көңүл бура албай калды, дүйнөдөгү улуу дөөлөт өз ички иштерине алаксып калганда эмне болоорун болсо жакында эле Маскөө көрсөткөн.

Владимир Путиндин биринчи президенттик мөөнөтү учурунда орус өкмөтү негизинен өлкөдө тартип орнотуу менен алек болгон жана дүйнөлүк сахнада көп аракеттенген эмес. Дал ошол мезгилде Чыгыш Европа жумурияттары НАТО менен Европа Биримдигине мүчө болуп кирди, АКШ болсо өз аскерий базаларын Борбор Азияда ачып жиберди, дейт автор.

Акыркы жарым жыл ичинде Европа Биримдиги дагы негизинен өз ички иштери менен алек болду, анткени Франциядагы референдумда Биримдиктин конституциясы четке кагылганы бүткүл уюмдун жалпы саясатын кайра карап чыгууга аргасыз кылды.

Ошондуктан Маскөө акыркы айларда бир топ эркиндик алууга жетишти жана бир нече чечкиндүү аракет көрүп, өзүнүн геосаясий абалын оңдоп алууга киришти. Стратфор борборунун пикиринде, 14-ноябрда Дмитрий Медведев менен Сергей Иванов Орусиянын эки жаңы вице-премьер министри болуп дайындалганы дагы орчундуу окуя. Бул эки адам реалдуу аракет көрө ала турган саясатчылар жана алар мурдагы эски саясаттын чегинен чыгып иштей алат.

Автордун айтымында, эски саясат деле уланат жана Кытай, Индия же Венесуэла менен болгон кызматташууну Маскөө күчөтүп, АКШнын дүйнөлүк үстөмдүгүнө каршы аракеттерди көрө берет. Иран, Сирия жана Түндүк Корея маселелери боюнча дагы орус өкмөтү өзүнүн мурдатан бери көрүлүп келген аракеттерин улантат. Бирок жаңы саясатчылар негизинен - Орусиянын кошуна мамлекеттериндеги таасирин кайра калыбына келтирип, аны күчөтүүгө аракеттенет жана Борбор Азия жумурияттары гана эмес, башка мамлекеттер дагы жакын арада - Орус Аюсу кайра ойгонгонун гана эмес, Америкалык Бүркүт дагы өзү менен өзү болуп калганын сезиши мүмкүн.

Исламдык террор коркунучун пайдаланып, өз авторитардык бийлигин күчөтүүгө умтулган борбор азиялык жетекчилер болсо Американын азыркы саясатында жаңы элдик ыңкылаптарды колдоо аракеттери өтө деле күчтүү эмес экенин түшүнүшү ыктымал. Ал эми 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы жасалган террор аракеттеринен кийин Вашингтон тарабынан региондо көрүлгөн коопсуздук чараларынын негизги пайдасын эми Маскөө көрүп калышы да ажеп эмес.

Эгер президент Буштун өкмөтү бул акыркы окуялардын кесепеттерин жоюп, абалды калыбына келтире алса, анын алсыздыгы алты айга уланган болот. Эгер өкмөт анте албаса, мындай абал Буштун экинчи президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин да узарып кетиши мүмкүн, - жеп жазат Стратфор илимий-изилдөө борбору.

XS
SM
MD
LG