Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

УКРАИНАДАГЫ ЖЫЙЫНДА РЕГИОНАЛДЫК ЖАҢЫ БИРИКМЕ ЖАРАЛАТ


Украина, Грузия, Балтика жана Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүнүн Киевдеги жыйынынын соңунан жума күнү “Демократиялык тандоо коому” деп аталган жаңы чөлкөмдүк уюм түзүлөөрү күтүлүүдө. Айрым саясий эксперттер жаңы бирикемени Көз арандысыз мамлекеттер шериктештигине атаандаш ирээтинде карашат. Бирок жаңы бирикменин турмушка жарамдуулугу али күмөн туудурган маселе.

Украина жана Грузиядан сырткары Киевдеги жыйынга Балтиканын үч мамлекетинин, Македония, Молдова, Румыния, Словениянын президенттери катышмакчы. Азербайжан, Болгария, Чехия, Польша, Венгрия болсо ар кандай деңгээлдеги өкмөттүк делегацияларын жөнөттү. “Демократиялык тандоо коому” уюмун түзүүнүн демилгечилери - Украина менен Грузия президенттери Виктор Ющенко жана Михаил Саакашвили. Алар быйыл август айында Грузиянын куррорттук Боржоми шаарындагы жолугушуусунда Боржоми декларациясы деген документ кабыл алышкан эле. “Демократиялык тандоо коомунун” негизги принциптери мына ошол декларацияда каралган:

- Биз бүгүн Боржоми декларациясына кол койдук. Бул - биздин чөлкөмдө эркиндикти жана демократияны коргоо жөнүндөгү декларация. Украинада быйыл күздө региондогу демократиялык өлкөлөрдүн баарысынын жана байкоочу катары Орусия, Евробиримдик, АКШнын катышуусунда саммит өткөрүү демилгеси менен чыктык.

Грузиянын маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, орус президенти Владимир Путин Киевдеги форумга катышуудан баш тарткан, мунун себеби азырынча белгисиз. Саммитте АКШдан мамлекеттик катчынын орун басары Паула Добрянски, Европа Кеңеши, ЕККУ, Улуттар уюмунан өкүлдөр болот.

Грузиялык саясий эксперт Рамаз Сакварелидзенин пикиринде, жаңы уюм КМШга атаандаш болушу мүмкүн. Бирок бул идеяны уюмдун демилгечилеринин бири, украин президенти Виктор Ющенко Боржомидеги саммиттен көп өтпөй эле четке каккан болчу.

Ал эми Грузиянын Стратегиялык жана эл аралык иликтөөлөр фондунун вице-президенти Теймур Якобашвили жаңы түзүлүп жаткан уюмга мындай мүнөздөмөсүн берди:

- Мен айтаар элем, биз азыр өткөөл баскычтагы эки идеянын кандайдыр бир радикалдашуусун көрүп жатабыз. Бир жагынан – Евробиримдик. Мүчө мамлекеттер жалпы Конституцияны кабыл алалбай койгондон соң өзүнө тартуу күчүн бир аз жоготкону менен анын аракеттери башка өлкөлөрү үчүн магниттей. Экинчи жагынан - Шанхай кызматташтык уюму. Менимче “Демократиялык тандоо коомуyн” түзүү идеясы мына ушул эки блоктун ортосунда кармалып калган, бирок демократия менен Батышка ыктаган өлкөлөргө тиешелүүдөй.

Анткен менен жаңы уюм келечекте турмушка ийкемдүүлүгүн көргөзө алар-албасы, али суроо жараткан маселе. Айрым саясий эксперттер “Демократиялык тандоо коому” да Грузия Украина, Азербайджан, Молдова буга чейин экономикалык максатта түзгөн ГУАМ уюмунун тагдырын кайталашы ыктымал, деп да эсептешет. Мындай ойду кармангандардын пикиринде, ГУАМ уюм АКШ ага кызыгуусун жоготкондон кийин иштебей калды. Андыктан жаңы уюм турмушка жарамдуу болуш үчүн кыймылдаткыч күчтүн ролун АКШ же Евробиримдик аткарышы абзел. Ошол эле учурда жаңы уюмду аксатышы мүмкүн болгон негизги проблема катары башка көрүнүштү атаган эксперттер да бар.

Грузин президентинин мурдагы кеңешчиси Шалва Пичхадзенин пикиринде:

- Демократиялык тандоо коому” турмушка жарамдуу болуш үчүн, анын өзүнүн мүчөлөрү демократияны карманышы керек. Эгер ошол өлкөлөр демократиялык болбосо, көздөгөн регионалдык уюмдун баарын түзө бериши мүмкүн, бирок ал эч нерсе өзгөртпөйт. Ушу тапта мен Грузиядан чыныгы демократияны көргөн жокмун.

Грузиянын тышкы иштер министрлиги өткөн аптада тараткан билдирүүгө караганда, жаңы уюмдун келерки саммитин жазында Румыния тосот. Андан кийинки жыйындары Литвада, Грузияда өтмөкчү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG