Казакстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрзак Өзбеков журналисттердин көңүлүн оболу Казакстан президенттигине талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо учуруна бурду:
- Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү Казакстан Республикасынын Конституциясына жана “Шайлоолор жөнүндөгү” мыйзамына ылайык жүргүзүлдү. 3 талапкер саясий партиялар тарбынан, 1 талапкер республикалык коомдук бирикме тарабынан көрсөтүлдү. Ал эми өзүн-өзү 14 талапкер көрсөттү. Жалпы 18 талапкердин 13ү гана тиешелүү сандагы колдоо добуштарын чогулта алды. Алардын ичинен 5 талапкер мамлекеттик тилди мыкты билбегендиги үчүн алынып салынды.
Алдыдагы шайлоого байланыштуу Казакстанда демократиялык үлгүлөргө туура келбеген жагдайлар да болгону айтылып жатканы тууралуу суроого элчи Өмүрзак Өзбеков төмөндөгүчө жооп берди:
- Шайлоонун жыйынтыгы жарыя болгуча митингдерге, демонстрацияларга, башка коомдук иш-чараларга тыюу салынган эле. ЕККУнун, башка эл аралык уюмдардын сунушу боюнча ал кайра алынып салынды. Башка жагдайлар, ички саясий кырдаал кадимки калыбында. Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрь күнү Казакстан Республикасынын президенттигине талапкерлердин теледебатын уюштурду. Ошондой эле шайлоонун алгачкы жыйынтыгын добуш берүүдөн соңку 24 сааттын ичинде жарыя кылууга ниеттенүүдө.
Эркин маек учурунда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Өмүрзак Өзбеков “Алдыдагы президенттик шайлоодон улам Казакстанда да кандайдыр бир түстүү ыңкылап чыгып кетпес бекен?” деген суроого төмөндөгүчө жооп узатты:
- Казакстанда андай революцияларга негиз жок деп эсептейбиз. Анткени, жалпы Казакстандын экономикасынын кубат-деми өтө күчтүү. Калкта нааразылык жок.
Казакстан экономикасынын ургаалдуу өсүп жатышына байланыштуу Кыргызстандан да Казакстанга барып туруктуу жашап калууну каалагандар өсүп жаткандыгын Казакстандын Кыргызстандагы консулу Төлөгазы Уйхынбаев белгилеп өттү:
- Биздин консулдук бөлүмгө соңку 11 айдын ичинде кайрылган калктын саны 8 миңден ашты, алардын ичинен 6011ине консулдук иштер жасалды. Бул - өткөн жылдагыдан алда канча көп.
Ал эми 4-декабрда өтүүчү Казакстан Республикасынын президенттик шайлоосуна байланыштуу кыргызстандыктардын пикирлери кандайча? «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редакторунун орунбасары Жапаркул Ташиев:
- Азыр эми биз Кыргызстандан туруп да байкап атпайбызбы – Казакстан кандай гана күргүштөп өсүп-өнүгүп атат! Ушуну көргөн казак боордоштор Нурсултан Абишевичти кантип шайлабасын! Шайлайт да.