Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

УKРАИНАДА РЫНОК ЭКОНОМИКАСЫ БАЙРАЛДЫ


Европа өлкөлөрүнүн жетекчилиги бейшемби күнү Киевде өткөн жыйында Украинага рынок экономикалуу өлкө макамын берилет деп кепилдик берди. Экономиканы эркин деп таануу украиналык товарларды Европада сатууну, айрыкча, арбитраждык сотто өндүрүшчүлөрдү коргоону жеңилдетет. Биримдик буга дейре бааны контролдоодо мамлекеттин ролу зор жана ишканаларды кудуретсиз жарыялоонун механизми өтө татаал деп, макамды берүүнү кечиктирип жаткан.

Эркин экономикалуу өлкө макамы Украина менен Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн мамилеси бир көз ирмемде алмашат дегенди билдирбейт. Макам бир жыл мурдакы элдик ынкылапта тактыга отурган президент Юшенконун өкмөтүнө Батыш берген өтө зарыл саясый колдоонун символу. Кепилдик тууралуу ырасмий билдирүүнү Киевдеги бейшемби күнкү саммитте биримдиктин учурдагы төрагасы Британиянын премьер-министри Тони Блэр жарыя кылды:

–Бул саммит Евробримдик менен Украина ортосундагы биринчи ийгиликтүү жыйын эмес. Бул болочокку иштердин өтө кубаттуу жышаанасы да. Мындай жалпы келечекке багытталган жараянда Европа Биримдиги жана Британия сыяктуу өлкөлөр сиздер менен өнөктөш болоруна ишене берсеңиздер болот.

Евробиримдиктин аткому-Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Манэль Барросонун сөзү менен айтканда, Украина “өтө узун жолду өтө кыска убакта басып өттү” жана
эркин экономикалуу өлкө деген макам айрым ырасмий жараяндар аткарылар замат ыйгарылат.

Президент Юшенко куш кабарды лып илип, ырасмий макам создуктурбай берилет деген ишеничин жашырбады:

–Бүгүнкү жыйындын мааниси, анын Украина рынок экономикалуу өлкө экенин тааныганында. Бул саясый чечимге ырасмий форма берүү көп убакытты албайт деп үмүт кылабыз.

Украинага Евробиримдик менен соодалашууда олуттуу жеңилдиктерди берген жаңы макам биринчи кезекте Киевди жалпы европалык базарга продукцияны арзан баада же демпингдик баада чыгарууда деген айыптоолордон куткарат.. Биримдиктин Украинага каршы чара көрөм деген өлкөсү жүйөсүн далилдеп бериши абзел. Азырга чейин бул вазийпа украин тараптын мойнунда эле.
Украина Евробиримдик менен соодада Россиянын алдына өткөн шартта базар жолун тоскон түрдүү тоскоолдуктардан айрылуу өндүрүшчүлөрдү ашыкча түйшүктөн куткарып, атаандаштар менен укугун тең кылат.

Көпчүлүк талдоочулар ушу тапта президент Юшенко үчүн макамдын экономикалык ишаарасынын саясый мааниси баалуу дешет. Себеби, оппозиция украин лидерин саргылтым ынкылаптан берки бир жылда экономика тармагында чоң ийгиликтерди колдон чыгарды, убакытты бошко кетирди деп сындап жүргөн.

Евробиримдик макамды убада кылып, мартта болчу парламенттик шайлоонун калыс жана эркин өтүүсүнө кам көрүүдө жана Украинанын мыйзамдарын ширкеттин стандартына ылайыктоону тездетүү жагынын ойлоодо.

XS
SM
MD
LG