Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 00:50

ЭКС-СПИКЕР МУКАР ЧОЛПОНБАЕВГЕ БАЙЛАНЫШКАН СОТ УЛАНУУДА


1-май райондук соту 2-декабрда 17-июндагы окуя үчүн айыпталып жаткан экс-спикер Мукар Чолпонбаевге байланыштуу ачылган кылмыш ишин кароону уланта алган жок. Буга күбөлөрдүн жетишсиздиги себеп болду. Бирок, бул күнкү отурумунда сот 17-июнда өкмөт үйүндө болгон окуяда таяк жеп, кийин көз жумган жоокердин атасынын арызын кабыл алды.

17-июнь окуясын президенттик шайлоого талапкер катары катталбай калган Урмат Барыктабасовдун талапкерлери уюштуруп, аны Бакиевге атаандаш ат салыша турган талапкерге каршы саясий куугунтук жасалып жатат деп түшүндүрүшкөн. Муну расмий бийлик мамлекеттик түзүлүшкө кол салуу аракети катары сыпаттап, августтагы коопсуздук кеңешинде атайын даярдалган акция катары бааланган. Ошондуктан, ал кездеги президенттин милдетин аткаруучу жана президенттикке талапкер Курманбек Бакиев дароо эле башаламандыкты уюштургандарды мыйзам чегинде жазалоого күч бийлигин чакырган:

- Башкы прокуратура бул ишти жөндөйт, талапка ылайык кылмыш козгойт, уюштуруучу жана колдоочу болгондордун бардыгы мыйзамдарга ылайык тиешелүү жаза алат деп ишенем.

Башкы прокуратура бул факт боюнча дароо кылмыш козгоп, экс-спикер Мукар Чолпонбаев баштаган 220 чамалаш адам камакка алынган. Ал эми башкы айыпкер саналган Урмат Барктабасовго издөө салынган. Бирок камалгандар административдик жаза алып бошошту. Ал эми Кылмыш кодексинин мамлекеттик түзүлүшкө кол салды, массалык тартип бузууларды уюштурду деген беренелери боюнча кылмыш козголгон Мукар Чолпонбаевди болсо Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары кепилдик берип, убактылуу бошотуп алышкан. Коопсуздук кызматы иликтеген бул ишти Биринчи май райондук соту бир айдан ашык убакыт мурда баштап, бирок, күбөлөрдүн жетишсиздигине байланыштуу улам кийинкиге жылдырылып келатат.

Анткен менен Биринчи май райондук соту 2-декабрдагы отурумунда экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин кылмыш ишине кошумча дагы бир арызды кабыл алды. Бул арызды сотко 17-июнда өкмөт үйүндө болгон башаламандыкта катуу таяк жеп, ошонун айынан 10-июлда көз жумган ички аскер бөлүгүнүн жоокери Адилет Абылмажиновдун атасы берди. Анын айтымында, жоокердин 17-июндагы башаламандыкта мээси чайкалгандыгы тууралуу толук документтер бар:

- Бирөөнө бийлик, бирөөнө даңк керек болсо, мага уул керек болчу. Бүгүнкү күндө мен жалгыз уулумдан ажырап, ошо баланын күйүтүнөн, жалгыз баланы ойлонуп атып, мына үч айдан кийин келинчегим да каза болуп калды. Азыр жалгыз калдым. Мен үчүн уулумдун өлүмүн тактап, күнөөлүү кишини, эгер күнөөсү болсо ошону мыйзам боюнча жазалап берсе деген оюм.

Мындай жагдай Мукар Чолпонбаевдин ишине кандай таасир этери тууралуу ишти тергеп жаткандар өз божомолдорун айтууну ылайык көрүшкөн жок. Ал эми айыпталуучу өзүнө карата козголгон ишти чагым деп эсептейт:

- Мен күнөөлүүмүн деп эсептебейм өзүмдү. Эч кандай бизде андай ой болгон жок. Бул өздөрүнүн чагымы. Экинчиден, ал кезде басып ала турган бийлик жок болчу.

Ал эми башкы прокурор Камбараалы Конгантиев Коопсуздук кеңешинин акыркы отурумунда 17-июнь окуясын уюштургандарды таап, жазалоо жансыз болуп жаткандыгы үчүн ички иштер министрлиги менен коопсуздук кызматын сынга алды. Анын айтымында, бул окуясын уюштуруучулардын экөө гана аныкталды. Алардын бири Мукар Чолпонбаевге байланышкан кезектеги сот отуруму 6-декабрга белгиленди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG