Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

АКШНЫН ИРАКТАГЫ АРАКЕТТЕРИ


Жаңыл Чытырбаева, Прага калаасы Иракта бейшемби күнү 10 америкалык аскер бомба жарылып каза болду. Ирак согушунда АКШнын армиясы бир жолку окуяда мынча чыгым боло элек эле. Бул суук кабар АКШнын президенти Жорж Буш Ирактагы жеңиштин стратегиясын аныктап бергенден эки күндөн кийин орун алды.

Бомба жарылганда америкалык аскерлер Фалужа шаарынын көчөсүндө кайгуулда жүрүшкөн эле. Адатта кайгуулчулар көп жоготууга жол бербөө үчүн, бир-биринен бир топ аралыкта басышат. Бейшембидеги чыгашанын көптүгүнө караганда, же алар топтошуп алып келатышкан же жардыруу айрыкча катуу болгон. Вашинтондо Ак үйдүн маалымат катчысы Скотт Мак Клеллан каза болгондордун урук-туугандарына минтип көңүл айтты:

– Бизди бул жоготуу кайгыга салды. Бир аскерби, 10 же 11 аскер өмүрүнөн айрылдыбы, бул кабар бизди капалантты. Урук-туугандары маанилүү максат үчүн жакындарынан биротоло айрылышты. Биз алардын кызматына жана өмүрүн курмандыкка чалганына түбөлүккө ыраазыбыз.

Жол боюнда жарылган зат замбиректин октору бир-бирине зым менен байлап, колго жасалган бомба экендиги кабарланууда. Кошмо Штаттарынын кол башчылары мындай бомбалардын улам күчтүүсүн жасап жатышкандыктарын айтышууда. Ирактагы америкалык күчтөр негизинен ушул бомба менен чабуулдарда мерт болушат. Бүгүнгө чейин Иракта 2100дөн ашык АКШ аскери курман болду.

Курмандыктардын көбөйүшү Ирактагы аскерлерди чыгарып кетүү талабынын күчөшүнө түрткү болууда. Бирок шаршембиде Буш аскер чыгауунун так мөөнөтүн жарыялай албай тургандыгын бышыктады. Ал АКШ аскерлери Иракта козголоңчулар менен күрөштө чоң-чоң ийгиликтерге жетишип жаткандыктан, "толук жеңиштен" башкага макул болбойм деди.

Америкалык кол башчылар да жеңиштерге жетишип жаткандыгын айтышууда. Бирок 15-декабрдагы парламенттик шайлоонун алдында чабуулдардын кайра көбөйүшү болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG