Укканда түпсүз, чексиз чалкып жаткан Көлдү элестеткен ак таңдай акындардын айтыш өнөрүн өркүндөтүүдө кыргыз кыздарынан, келиндеринен, айымдарынан чыккан төкмөлөр да барандуу, баалуу салымдарын да кошушкан. Айрыкча алардын ичинен Аксаткын менен Мырза уулун, Талым кыз менен Көбөктүн, Балкы кыз менен Калыктын, Оторбай, Байтөктүн, Алымкан, Байгабылдын Чата кыз, Токтогулдун, Алымкулдун, Сулаймандын, Акыш, Шекер кыз, Жеңижоктун Наркүлбүбү (Ырысгүл), Атайдын Сейдеке менен айтышкан алым сабактар калк арасында муундан-муунга өтө ырдалып келет.
Булардан башка да оозеки айтыш чыгармачылыгында байдын кызы менен жардынын, Эрке бала менен кыз баланын, күйөөсү менен колуктунун жигит менен келиндин жана башкалардын алым сабак айтыштарынын үлгүлөрү да сакталып калган. Айымдардын, келин, кыздардын алым сабактары негизинен мыскалдоо, тамашалоо, таанышуу жана собол таштаган табышмактуу маңызда болуп бири-бирин курч таамай айтылган сөз менен ак чапкандай жыгууга, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылууга багышталган залкар төкмө акындардын айымдар менен ат салышкан айтыштарынын ичинен 19 кылымдын жарымында жашап өткөн Талым кыз менен Көбөктүн алым сабак айтышы көркөмдүк түрү, мазмуну, обону жагынан башка айтыштардан аттын кашкасындай айырмаланган. Өзгөчө, анын табышмак жана жандырмак түрүндө, айтылышы алым сабактын манызын байытып, көркөмдүүлүгүн күчөткөн. Түрү жагынан адат-салт айтышына кирген “Талым кыз менен Көбөктүн” айтышында Талым кыз Көбөккө:
Адамзат пендеси,
Сүйгөн нуру ким болот?
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру ким болот?
Арасында мунарык,
Кирген нуру ким болот? – деген шекилдүү табышмактуу соболдорду таштайт.
Көбөк болсо Талым кыздын табышмагын ташка тамга баскандай так жандырып отурат. Табышмактуу айтышуу узакка созулат. Талым кыз болсо Көбөктү беттеп үстөкө-босток табышмактуу ырларын сабалата төгө берет. Таңдайынан чаң чыккан Көбөк жигиттик намысына келип, такалбай Талым кыздын табышмактуу ырларын жандырып отурат. Акырында сөз баккан, кеп жеген Талым Көбөктүн камчы салдырбаган тапкычтыгына терең ойчулдугуна, акылдуулугуна карата:
Күнөөң болсо кечкин деп,
Күрмөгөн жибин чечтиң деп,
Таппадым деп ыгыңды,
Талым кыз сөзгө жыгылды – деп, чалак чапкандай жыгылганын мойнуна алат.
Азыр ырчы Гүлзат Байзакова менен Ишен Календаровдун аткаруусунда Талым кыз менен Көбөктүн айтышынан үзүндү угуңуздар.
Талым кыздын соболу:
Асман жерди жаркыткан,
Ачык нуру ким болот?
Асман-жерди бүркөгөн
Сасык нуру ким болот?
Аман жердин зыйнаттын
Канык нуру ким болот?
Жарды дебе
й, бай дебей,
Жабыр кылган ким болот?
Бир ордуна кебелбей,
Турган нуру ким болот?
Талымдын тапта домогун
Таба салган жомогун,
Менин атым Талым кыз,
Ченеп мага жологун.
Көбөктүн жообу:
Адамзат пендеси,
Сүйгөн нуру таң болот,
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру ай болот,
Арасында мунарык,
Кирген нуру түн болот.
Асман-жерди жаркыткан,
Ачык нуру күн болот.
Жер асманды бүркөгөн,
Сасык нурун туман дейт.
Жер асмандын зыйнаты,
Анык нурун жылдыз дейт,
Жан бүткөндүн баарысын,
Тазалаган эки көз,
Жарды, байды кейитип,
Жабырлаган суук сөз.
Эл ортосун ынтымак
Кылган нуру жакшы сөз,
Бир ордуна кебелбей,
Турган нуру убада,
Таптым Талым сөзүңдү,
Келтирдимби кезиңди?
Аптыкпагын, Талым кыз,
Ачык болдум көзүңдү, ж.б...