Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 22:58

ЭСКЕРИЛБЕЙ КАЛГАН КОМПОЗИТОР


Жарык дүйнөдөн жаш кетсе да, артына кыргыз угармандары менен түбөлүккө бирге жашай турган ондогон ар кандай жанрдагы чыгармаларды калтырып кеткен таанымал композитор Аскар Түлөевдин туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналган музыкалык берүүнүн экинчи бөлүгүн угуңуздар.

Кырчылдаган кырк жашты эңкейе бергенде, элине бергенинен бере элеги көп кырчын курагында о дүйнөгө сапар тарткан композитор Аскар Төлөев (Түлөев) ордо калаа Бишкекке колтукташ жайгашкан Төкөлдөш айылында туулгандыктан боорун жерден катөрүп, борбую толо баштагандан дүйнөлүк классикалык музыканын түркүн түрдүү түрлөрү, жанрлары менен эрте таанышат. Кийин аларга болгон куштарлануунун, таалимденүүнүн, таасирленүүнүн аркасында, улуттук элдик музыканы мыкты билгендиктен, калк обондору менен күүлөрүнүн өзөгүндө (уңгусунда) ошол кездеги карапайым кыргыз угуучуларынын жан дүйнөлөрүндө шыбырап жашай тургандай симфониялык, аспаптык, аваздык терең мазмундуу, өткөрө бийик көркөмдүүлүктөгү чыгармалардын кооз үлгүлөрүн жаратат. Таланттуу композитор симфониялык, аваздык чыгармаларды, жазуу менен бирге гобой, фортепиано, скрипка, кылдуу жана жыгач үйлөмөлүү музыкалык аспаптар үчүн квартеттерди, сюиталарды, пьесаларды жазат. Автордун кыргыз темаларына жазган кылдуу квартети, скрипка менен фортепиано үчүн “Тоодо”, “Кыздын бийи” аттуу жана башка чыгармаларды улуттук камералык-аспаптык чыгармачылыктын түптөлүшүнө, калыптанышына, өсүшүнө бирден-бир булак болот.

Түлөевдин элдик музыкасынын тилинин негизинде гобой менен фортепиано үчүн жазган “Тоодо” аттуу төкмөсүн укканыңда таң сөгүлүп атканда, тараза жылдыз батканда, күмүш кирпиктүү күн жайдыр-кыштыр ак элечек оронгон Алатоонун көз мелжиткен аскаларына нурун чачыратканда көшүлгөн уйкуда жаткан жаратылыштын, жан-жаныбарлардын ойгонушкандагы не бир кереметтүү сулуулуктарын элестетесиң. Анан ага болгон ырахаттануунун, асылдануунун артат. Түлөев “Тоодо”.

- Эрнис мырза, залкар композитор Аскар Түлөевдин өтөгөн өмүрүн, чыгармачылыгын жакшы билген, бирге иштешкен инсан катары, Аскардын акыркы жылдардагы өмүрүнүн кейиштүү тагдырынан кеп салып берсеңиз?

- Аскар Түлөев кийнки өмүрүн жалгыз өткөрүп калды. Консерваториянын 5-курсунан кийин эмнегедир Москвага барган жок. Кийин уксам аялы менен ажырашып кетиптир. 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосуна катышкан жок. Кимдир бирөөлөр тизмеден сызып ташташыптыр. Аскар эле эмес Райкан, Мидин, Узакбай, Тазабек, Сүйүнбекти, баш-аягы 6 кишини жетекчилер он күндүккө катышпасын деп чечишиптир. Түлөевдин болсо декаданын концерттик программасына “Баатырдык” деген симфониялык поэмасы киргизилет. Ал эми декаданын алдында орус тилинде “Современники” деген ат менен басылып чыккан таанымал акын Мидин Алыбаевдин Москвадагы китеп көргөзмөсүнө коюлат да, өзү он күндүккө барбай калат. Көрсө, декадага ким барат, ким барбайт деген тизмени республиканын министрлер советинин орнубасары С.Бегматова тейлөөчү экен. Ошол айым эмнегедир болбогон себептер менен киргизбей коюптур. Жазуучулар, композиторлор союзунун жетекчилери Р.Шүкүрбековду, М.Алыбаевди, Т.Саманчинди, С.Бектурсуновду, А.Түлөевди улам-улам декадага катышсын деп тизмелерин берет. Улам-улам сызылып салынат. Акырында Кыргызстан Борбордук партия комитетинин катчысы А.Казакбаевдин түздөн-түз кийлигүүсүнүн аркасында акын Р.Шүкүрбеков, У,Абдукайымов декадага катышат. Ал эми А.Түлөев менен М.Алыбаев он күндүккө барбай калды. Бирок, алардын бирөөсүнүн жыйнагы китеп көргөзмөсүнө коюлду. Түлөевдин “Баатырдык” поэмасы концертте аткарылды – дейт Эрнис мырза.

Белгилүү композитор Аскар Түлөев бирде ач, бирде ток турмушта, кандай гана катаал тагдырда жашабасын колунан калемин түшүрбөйт. Өзү такай ооруп жүрсө да акын Аалыкең (Аалы) айткандай “көзүм өтүп кетсе, элим эмгектен эскерер” – деп, чымырканып, бүтүндөй күч-кубатын, өмүрүн чыгарма жазууга арнайт. Аскар Түлөевдин аваздык чыгармачылыгы да өтө көп түстүү, жанрдык жагынан ар түрдүү болгон. Алсак, ал салтанаттуу гимндерди, марштарды, патриоттук шыгырларды, эмгек, тамашалуу, ашыктык ырларды, ажардык сүрөттөмөлөрдү, сахналашкан-сюжеттик ыр-баянадамаларды жазган. Композитор аваздык чыгармаларына улуттук ыр жанрында жок жаңы образдарды, жаңы ыргактарды, жаңы аваздык көп түстүү боекторду киргизет. Автордун жаштарга арналган атуулдук, ашыктык ырларынын ичинен акын Касымжан Төлөбаевдин сөзүнө жазган “Жаштар вальсы” аттуу ыры алгачкы аткарылышынан селкилердин, бозойлордун сүйүктүү ырына айланат. Алар кечелерде, үлпөттөрдө, ак дасторкондун кашында ооздорунан түшүрүшпөй ырдашат. Анда эмесе кезекти өткөн кылымдын жаштарынын жан шеригине айланган Түлөевдин “Жаштар вальсына” берейин. Аткаруучу эл артисти Салима Бекмуратова.

- Эрнист мырза, жогоруда сиз ысымдарын атаган аттуу-баштуу акын, жазуучулар, композиторлор Аскар Түлөев эмне себептен 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катышкан эмес?

- Аттуу-баштуу акын, жазуучулардын, композитор Аскар Түлөевдин Москвага барбай калгандыгынын эч кандай татаал себептери жок. Биринчиден, алар эркин ой жүгүрткөн адамдар, эч кандай кызматка, даражага, наамга, атак-даңка кызыкпаган, ал оюна кирбеген, бүткүл оюн жүз пайыз потенциалдык күч-кубатын чыгармачылыкка жумшашкан. Ошол эле А.Түлөев, ошол эле М.Алыбаев, ошол эле Р.Шүкүрбеков, ошол эле Т.Саманчин, С.Бектурсунов бүтүндөй өмүрлөрүн чыгармачылыкка беришкен. Ал эми чыгармалары супсак адамдардын ойлогондору наам, даража, сыйлык, кызмат, мансап. Муну биз турмутан көп байкадык, көп жолу өзүбүз да күбө болдук. Ошол тырмакчанын ичиндеги “чыгармачыл” деген адамдар, кийин орден, медалдарды киндигине чейин алышса да, чыгармалары классикага жатпай калды. Алардын томдуктарын барактап көргөндө театр таануучулардын, адабиятчылардын, музыка таануучулардын эмгектериндеги классификацияларын карап көргөндө ошондой адамдардын чыгармаларынан колго илинээрлик , сөз болууга, классикага кирерлик чыгарма табылбай жатканы абдан өкүнүчтүү. Мен алардын фамилияларын айтпай эле койоюн. Бирок ошолордун жанында дале болсо өз стили менен Райкан, Мидин музыкада, Аскар Түлөевдики, Сейдалы Медетовдуку, Жумакановдуку айрыкча Мукаш Абдраевдики айтылып, түбөлүккө калууда. Өзүңөр билесиңер алар көзү барда баркка алынган эмес. Алымкул Осмонов айткандай “көзү барда бир бүтүндөй, көзү өткөндө бир дурус” дегендей, көзү барлардын баркы болгон эмес. Ар дайым биздин өкмөттүн жетекчилеринин кемчилиги болуп келген дале кемчилиги бар. Эч качан эркин сезген бүтүндөй чыгармачылыкка берилген адамдарды көрүп, тартканды билишпейт. Дагы деле болсо бул маданиятка жетише элекбиз. Баягы эле жердешчилик, тууганчылык, кыргызчылык өкүм сүрүп турат. Жанагы сыйлык, наамдарды болор болбос адамдар алып жатканы өкүнүчтүү көрүнүш – дейт Эрнис мырза.

Аскар Түлөев үй-жайсыз көрүнгөн жерде жашап, башынан жашоонун не бир кыйынчылыктарын өткөрүп жүрбөсүн “айткандар айта, дегендер дей берсин. Бир гана Кудайдын көзү түз болсо болду” деп жүрүп, 1963-жылдын 27-январында узакка созулган катуу оорудан кийин көз жумду. Композитордун өмүрүнүн акыркы жылдарында акын Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазган “Капаланттың акынды”аттуу ыры эл артисти Сейдакмат Токтоналиевдин аткаруусунда тасмага жазылып алынган эле. Кезек автордун “Капаланттың акынды” аттуу ырынын үзүндүсүндө.
XS
SM
MD
LG