Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

МАСКӨӨ ШАЙЛООСУ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын ордо калаасында жекшембиде Маскөө шаардык думасына депутатарды шайлоо өтүп атат. Тизмеге алынган добуш берүүчүлөрдүн 20 пайызынын таш салышы шайлоону өттү деп таанууга укук берет. Бринчи жолу «баарына каршы» бөлүкчөсү жок өткөрүлүүдө. Бир нече мыйзам бузуу катталып аны прокуратура териштирип атканы маалым болду. Шаардык парламенттеги 35 орунду 9 партиянын талапкерлери талашып атат. Бир мандаттуу округдардан 15 дептутаттык орун үчүн ат салышуу да болуп атат. Анализчилер бул жолку өткөн шайлоо – алдыда боло турган Мамдуманы кайра шайлоого машыгуу болот дешет. Шайлоочулардын коопсуздугун көзөмөлгө алуу үчүн 20 миң милиция кызматындагылар тартылганы айтылууда.

Шайлоонун жыйынтыгында «Бирдиктүү Орусия» партиясы жеңип чыгары эч кимди күмөн санатпайт дешет. Экинчи орунга кайсы партия чыгат кеп ошондо. Анализчилер баамында Орусиянын келечекте саясаты ошол экинчи орунга чыккан партиянын карманган жолуна жараша өнүгөт. «Бирдиктүү Орусия» менен таймаша алгыдай партия пайда болору күтүлөт деген пикир да көп айтылууда. Андай күч болуп алгач ирет чогуу, бир ат салышка чыккан «Яблоко» менен «Оңчулдар күчү бирдиги» - же либералдык фракция чыгат же болбосо кыйла торолуп калган улутчулдар партиясы болот.

Маскөө калаа мэри Юрий Лужковдун кызматынын тамам болушу 2007-жылга туура келет. Былтыр президент Путин губернаторлорду дайындоо шартын киргизгенден тартып, башкалаа - өлкөнүн бир субъектиси болгондуктан анын да дайындалышы күтүлөт.

Өлкөнүн таанымал социологдорунун бири Юрий Левада айтканга караганда:

- Бул шайлоонун абдан жогору символикалык жана психологиялык мааниси бар. Жакынкы учурда, 2007- жылкы парламентти жана 2008- жылкы президентти шайлоо сыяктуу алда канча олуттуу окуяларды утурлоодо ар кыл партиялардын кандай саясий күчү бар экендигин ачыкка чыгарат.

Ордо калаада парламентти шайлоо жаңы шартта өттү. Партиялык тизме менен 20 орун талашуу жана бир мандаттуу округдардан 15 депутаттык орун талашуу жаңыча шарт болуп эсептелет. Ат салышка түшкөн 9 партиянын кимиси он пайыздык өткөөлдөн ашып кетсе ал шаардык Думага шайлана алат. Баш-аягы 3235 таш салуучу бекеттер иштеп атат. Түшкө чейин эле бир нече мыйзам бузуу болгону айтылууда. Биздин кабарчы Любовь Чижова жиберген маалыматында, маселен:

-Партиялардын бири байкап калган маалыматка карaганда, Маскөө ичинде, улам бир шайлоо бекеттерге жеткирилип аткан, колунда учеттон чыккан күбөлүктөрү бар бир автобуc ичи толгон кишилер бар. Алардын эсеби, бери дегенде, жүздөн ашат, - дейт «Азаттыктын» кабарчысы Чижова.

Улутчул «Мекен» партиясы элдер арасын кайраштырган үгүт тасма чыгарганы үчүн өлкөнүн Жогорку соту тарабынан жарыштан алынып салынган. Бирок «Голос» ассоциациясы таркаткан маалыматта, Люблино административдик округда добуш берүүчүлөргө ал партиянын тизмеден чийилбеген нускаларын таркатуу болгон. Иши кылып, ар кайсы агенттиктер билдиргенге караганда, түшкө жуук эле шаарда жүздөн ашуун мыйзам бузуу болуп кай бирлерин прокуратура текшерип атканы айтылууда.


«Файненшл таймс» кечөө чыккан санында: «Орусияда демократия барган сайын башкарылган демократияга айланып баратат», - деп жазды.

Жыйынтыгы эртеңкиге калган шайлоонун баркын, Юрий Левада:
-Маскөөдө эмне болбосун анын жаңырыгы, чоң эсептен алганда, сөзсүз бүткүл Орусияга таркап турат. Маскөөдө өткөн шайлоо өлкөнүн өнүгүшүнө таасирин тийгизбей койбойт, - дейт.

Айта кетчү жери, Мамдума үчүн да эки орун талашуу болуп, бири – МГУда, бири - Преображендик бир мандаттуу округдарда өтүп атат.

XS
SM
MD
LG