Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:40

НАЗАРБАЕВ КАЙРАДАН КАЗАКСТАНДЫ БАШКАРАТ


Казакстандын шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары, азыркы президент Нурсултан Назарбаев атаандаштарынан чоң ажырым менен алдыга чыгып, президенттикке кайра шайланганын көргөзүүдө. Ал эми оппозициячыл талапкерлер шайлоодо мыйзам бузуулар кеңири орун алганын билдиришти. Шайлоо кечээ, 4- декабрда өттү.

Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн үч башка сурамжылоонун же экзит- поллдордун кечээ шайлоо аяктаган соң жарыялаган жыйынтыктарына караганда, Нурсултан Назарбаев шайлоочулардын 77- 90%нын добушун алган.

Ал эми оппозициячыл талапкерлер шайлоодо мыйзам бузуулар кеңири орун орун алганын билдирүүдө. "Адилет Казакстан үчүн" кыймылынын лидери, президентикке талапкер Жармахан Туякбай кечээ Алматыдан "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына буларды айтты:

-Облустардан түшүп жаткан маалыматтарга караганда, кээ бир жерлерде добуштарды бурмалоо аракеттери жасалууда.

Жармахан Туякбай 10%дын айланасында добуш топтоп, экинчи орунду алчудай жана мурдараак эгер бурмалоолор болсо, аны далилдөө үчүн бардык мыйзамдык ыкмаларды колдонорун билдирген.

Жармахан Туякбайдын Астана шаары боюнча штабынын башчысы Серикбай Алибаевдин пикиринде, шайлоо бекеттеринде суралгандардын бары эле чындыкты айтары арсар:

-Экзит- поллдордун баары президентти жана өкмөттү жактаган уюмдар тарабынан өткөрүлдү. Даггы бир маанилүү маселе - биздин эл коркуп калган. Алар суралганда, чындыкты айтпайт. Мен муну өз көзүм менен көрдүм.

Президенттикке оппозициядан талапкерлердин дагы бири Алихан Байменов алардын штабы да мыйзам бузуулар жөнүндөгү маалыматтарды алганын айтып, бирок шайлоо компаниясынын жүрүшү былтыркы парламенттик шайлоодон кыйла дурус болгонун бегиледи:

-Жалпысынан шайлоо компаниясынын деңгээли жогору экени айныксыз. Башында оппозицияга тоскоолдук кылуунун эски ыкмалары колдонууга аракет жасалып, жыйын өткөрүүчү жайлар берилбесе, аягында каршылык көрсөтүүнүн жолдору бир топ өзгөрдү. Эң чоң жетишкендик - эл азыркы президентке атаандаштарды көргөндүгүндө.

Ал эми президенттикке кайра шайланганы маалымдалып жаткан Нурсултан Назарбаев кечээ добуш берген соң азыркы шайлоону болуп көрбөгөндөй демократиялык, ачык жана адилет деп мүнөздөдү:

-Бүгүн Казакстандын тарыхындагы өзгөчө күн. Президенттик шайлоо - кайсыл мамлекет болбосун өтө маанилүү саясий окуя. Биз быйыл шайлоо болуп көрбөгөндөй демократиялык шартта өтүп жаткандыктан да өзгөчө деп эсептейбиз.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, добуш берүүгө шайлоочулардын 75%дайы катышкан. Казакстандын буга чейинки шайлоолорунун бирин да эл аралык стандарттарга ылайык келет деп тааныбаган Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун байкоочулары өз отчетун бүгүн жарыялары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG