Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

МАСКӨӨДӨ ӨТКӨН ШАЙЛООДО БИЙЛИК ПАРТИЯСЫ ДОБУШТУН ТӨРТТӨН ҮЧҮН АЛДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Маскөөдө жекшемби күнү шаардык Думаны кайра шайлоо өттү. Алдын ала чыгарылган жыйынтык боюнча «Бирдиктүү Орусия» 47 пайыз добуш менен алдыга чыккан. Ошол эле күнү Кострома менен Иванов обулустарында да өткөн парламенттерди шайлоодо ал партия жеңип чыккан. Ордо калаа парламенти үчүн дагы эки партия: 17 пайыз менен КПРФ жана 11 пайыз менен «Яблоко- биргелеш демократтар» фракциясы шайланган. Добуш берүүгө шаар тургундарынын 35 пайызы катышкан.

Алдын ала чыгарылган жыйынтыкта Маскөө шаардык Думага бардыгы 35 депутат шайланды, анын 28си «Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаттары. Бийлик партиясын 47 пайыз маскөөлүктөр колдоого алган.

Кийинки орунду 17 пайыз добуш менен коммунисттер жеңип алды. Он пайыздык чекти артта калтырып, бул жолу кыйладан бери куюшканы кыйшайып келаткан «Яблоко» баш болгон либералдар бириккен тобу үчүнчү орунга чыкты.

Шайлоодо ат салышууга катышкан дагы алты партия тоскоол пайызды аша албаган боюнча калышты. Арасында - күркүрөгөн лидери бар ЛДПР, улутчул маанайдагы «Мекен», экологиялык «Жашылдар» ж.б. партиялар баары артта калды.

Саясий анализчилер болжолунда эки жылдан кийин өтө турган мамлекеттик Думаны кайра шайлоо жана андан ары 2008 жылы президентти тандоодо бул жолку баш калаада өткөрүлгөн шайлоо көнүгүү болуп кызмат өтөйт дешет.

Анализчилерди үмүт эттирген топ, үчүнчү орунга чыккан биргелеш демократтар тобу болууда. Либералдык жолдун өнүгүшүн ал топтон күтүүгө болот дешет.

Москва шаардык думадагы «Бирдиктүү Орусия» партиясынын лидери, Андрей Метельский билдиргенге караганда шайлоонун жыйынтыгы көңүл толорлук болгон:

-Биз шайлоонун жыйынтыгын канааттангандык менен кабылдадык. Эмне дегенде ал маскөө шаардык мыйзам чегинде өттү , - деди «Бирдиктүү Орусия» партиясынын ордо калаалык лидери.


Ошол эле учурда чийиндин сыртында калган партияларды эске албаганда, алдыга озуп чыккан үч партиянын ичинен жалгыз «Бириккен демократтар» блогу шайлоонун өтүшү боюнча катуу сын айтууда. «Яблоко» партиясынын баш калаадагы бөлүгүнүн жетекчиси Сергей Митрохин ИНТЕРФАКС агенттигине ал «мындай бейадилет өткөрүлгөн шайлоону биринчи жолу көргөнүн айтат:

-Мещандык типтеги бардык бекеттерге «Яблоко» партиясынын көз салуучуларын бийлик жолоттурбай койогон. Аларды колунда күбөлүктөргө карап, мурда шайлоого көз салуучу болуп иштеди деген жери жок деп ичке киргизбей коюшкан, - дейт Митрохин мырза.

Анализчилер болжолунда ат салышууга катыштырбаган «Мекен» үчүн салынчу таштар дегинкиси үй-үйлөрдө калган. Ал эми бекеттерге барганы КПРФ үчүн үлүш кошкон дешүүдө. Бирок кечөө КПРФ лидери Зюганов ИНТЕРФАКС агенттигине айткан пикиринде «Баш калаанын ар бир бешинчи тургуну коммунисттерди колдойт», - деп мактана пикир айтты.

Элдер арасын кайраштырган үгүт тасма тарта коюп, сот өкүмү менен шайлоодон четтетилген улутчул «Мекен» анализчилер оозунан түшө элек. Ал жаңжалды партиянын атын чыгарууга көмөк болду деп партия лидери Рогозин биздин радиого кечээ мындайча жооп узатты:

-«Мекен» үчүн бул аябагандай жеңиш. Биз биринчи жолу чыныгы оппозицияга чыктык. Эми бул жетишкендикти аймактарда жана алдыдагы федералдык шайлоолордо өнүктүрүшүбүз керек, - дейт.

Кошумча айтчу кеп – 4 декабрде Мамдумада жетишпеген эки орун үчүн да шайлоо болду. МГУда - ЮКОС мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский ат салышканы атып, абакка кеткен 201-бекеттеги орун талашууда «Бирдиктүү Орусия» мүчөсү Станислав Говорухин жана 199-бекетте экинчи «Бирдиктүү Орусия» мүчөсү - Сергей Шаврин шайланышты.

«Индепендент» (“The Independent”) 5-декабрдеги санында «Маскөөлүк шайлоодо либералдык партиялар Путинге карама каршы чыгуу маанилүү сыноосунан өтүштү. Алар президент Владимир Путиндин жетеленме демократиясын өнтөлөгөн партиянын кубаттуу соккусуна туруштук беришти», - деп жазып чыкты

XS
SM
MD
LG