Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

РАЙС ЦРУнун ЖАШЫРУУН АБАКТАРЫ ТУУРАЛУУ УНЧУККАН ЖОК


Жаӈыл Жусупжан, Прага Европаны кыдырып баштаган АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Кошмо Штаттарынын шектүү террорчуларга карата жүргүзгөн саясатын актап сүйлөдү. Ал арада, айрым европалык өлкөлөрдө ЦРУнун жашыруун түрмөлөрү болгон деген шектенүү Кошмo Штаттары менен алакага кандай зыян келтире тургандыгы сөзгө алынууда.

Европага аттанаардын алдында Райс Кошмо Штаттары мыйзам менен башкарылган өлкө жана мыйзамдарды бузбайт деп ырастап, буларды кошумчалады:

- Биз ал-Каиданын колго түшүрүлгөн мүчөлөрүн жана өнөkтөрүн мыйзамсыз согушчандар деп эсептейбиз. Ошондуктан алар согуш мыйзамдарына ылайык, аларды күнөөсүз адамдарды өлтүрүшүнө жол бербей тургандай шартта кармашыбыз керек. Биз аларга Америка элинин мүдөөлөрүн чагылдырган биздин мыйзамдардын негизинде мамиле кылабыз. Биз аларды суракка алып, абдан маанилүү, адамдардын өмүрүн сактап кала турган маалыматтарды чогултабыз. Биз террористтерди качан да болбосун жоопко тартышыбыз керек.

Мамкатчы европалык шериктештерди Кошмо Штатарына ишеним артууга үндөдү. Бирок узак сүйлөгөн сөзүндө Райс ЦРУнун Чыгыш Европада жашыруун түрмөлөрү бар деген божомолдорго түз жооп берген жок.

Ошону менен мамкатчы Берлинге жол тартты. АКШнын Борбордук Чалгын кызматынын шектүү түрмөлөрү тууралуу кептерге байланыштуу Европа Союзу жакында катардан тыш кадамга барып, Кошмо Штаттарынан бул маселеге ачыктык киргизүүнү суранды. Мындай түрмөлөр табыла элек болгону менен, Европа Кеңеши расмий тергөө баштады, жана Европалык комиссия ЦРУнун мыйзамсыз иштерине көмөк көрсөткөн мүчө-мамлекет ички санкцияга кабылаарын эскертти.

Аналитиктер Европа Кондолизаны эл алдында такып сурабаганы менен, келечектеги орток кызматташттыкка доо кетип жаткандыгын айтышууда.

- Фрейзер Камерон Брюсселдеги Европалык Саясат Борборунда иштейт. Анын айтымында, жашыруун түрмөлөр Ирак согушу сыңарындай оор кесепет алып келбесе да, коомдук пикирге өтө тескери таасир тийгизет. Ансыз деле Буштун тышкы саясатын европалыктардын төрттөн бири гана колдойт.

Ал эми Европалык Саясатты изилдөө борборунун аналитиги Тиерри Балзак эгер андай түрмөлөрдүн бар экени чын болсо, бул трансатлантикалык алакага караганда, европалык өлкөлөрдүн ич арасындагы мамилеге көбүрөөк залал тийгизет деп эсептейт.

Кондолиза Райс алгач Берлинге барып, кийин Бухарестте, Киевде жана Брюсселде болот деп пландаштырылган.

XS
SM
MD
LG