Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:29

САДДАМГА КАРШЫ СОТ КЕЧИГҮҮ МЕНЕН БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин соту 5-декабрда Багдад шаарында улантылды. Анын башында Саддамдын адвокаттарына арыз айтууга мүмкүнчүлүк берилбегендиктен, алар бөлмөдөн чыгып кетип, сот жараяны бир жарым саатка токтотулду.

Саддамдын соту алгач 19-октябрда башталган, бирок ошол эле күнү - иш менен адвокаттар толугураак таанышсын деп 40 күнгө токтотулган. Саддам менен кошо дагы жети адам соттолууда жана алар - 1982-жылы Дужейл шаарында 148 адам кырылганы үчүн жооптуу деп айыпталууда. Сот токтоп турган учурда Саддамды коргогон адвокаттардын катарына АКШнын мурдагы укук министри Рамсей Кларк дагы кошулду жана анын айтымында, соттун өзүнүн өткөрүлүшү мыйзамсыз иш. Анын аралыгында соттолгондордун эки адвокаты өлтүрүлүп кетти, дагы бир адвокат Ирактан кетип калды, ошондуктан сот 28-ноябрда улантылганда, ошол эле күнү кайрадан токтотулуп, алардын ордуна башка адвокат дайындоо үчүн бир апта убакыт берилген.

5-декабрда сот иши кайра башталганда Кларк арыз менен чыгууга аракеттенди, бирок сот Ризгар Мухамед Амин ага уруксат бербегендиктен, адвокаттар сот залынан чыгып кетти. Саддам жана башка соттолгондор - окупанттар тарабынан түзүлгөн сот мыйзамсыз деп кыйкырышты жана Саддам - адвокаттарды бийлик өзү дайындап жатканына каршы чыкты: -"Рамсей Кларктын ишке катышуусуна каршы болуп, силер өз сотторуңарды адвокат кылып дайындаганыңарга биз каршыбыз. Ушул кантип адилеттүүлүк болсун?" - деди Саддам.

Бир жарым саатка уланган тыныгуу учурунда өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында адвокаттарга арыз менен чыгууга уруксат берилди. Рамсей Кларктын айтымында, соттолгондор менен алардын адвокаттарынын коопсуздугу кепилденмейинче жана анын өзүнө иш менен толук таанышууга мүмкүнчүлүк берилмейинче, сот токтотулуп турууга тийиш:
-"Ишти тийиштүү деңгээлде жүргүзүүгө мага талаптуу мүмкүнчүлүк берилген жок жана аны мен - айыпталгандардын укугун бузуу деп эсептейм. Андан тышкары, адвокаттар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугу камсыз кылынмайынча алар сот жараянына катыша албайт", - деди мурдагы америкалык министр.

Анткен менен кечигүү менен болсо да сот башталды жана 5-декабрда сот Амин күбөлөрдү суракка алууга киришти. Адвокаттар тобунун башчысы Саад Дулейминин айтымында болсо, Саддам аскерий туткун деп эсептелинүүгө тийиш жана ага карата Туткундар боюнча Женева конвенциясын колдонуш керек. Андан тышкары, Саддам кеңири кыргын уюштурганы үчүн күнөөлөнүп жаткандыктан, анын иши Ирак сотунда эмес, эл аралык сотто каралыш керек.

Айрым эл аралык эксперттер дагы Саддамдын сотун сынга алууда, алардын айтымында, америкалыктар ирактык соттордон турган трибуналды атайылап түздү жана анын эрежелерине ылайык, бул трибунал - Ирактын жарандарын гана соттой алат. Аны менен катар Саддамдын көптөгөн кылмыштарынан бир гана иш тандалып алып, аны менен байланыштуу мурдагы президент өлүм жазасына кесилип кетиши АКШ үчүн өтө пайдалуу.

Ишти эл аралык сот жүргүзгөндө болсо, ага башка мамлекеттердин жарандары жана жетекчилери дагы чакырылмак. Андай болгондо - өз элине каршы өзү химиялык курал колдонгон Саддам ал химиялык куралды батыш фирмаларынан сатып алганы ачыкка чыкмак. Америкалык "Си-би-эс" сыналгысынын журналисти Барри Ландонун айтымында болсо, 1980-1988-жылдарда болгон Ирак-Иран согушу учурунда андай химиялык куралды Ирандын кайсы аймактарына каршы колдонуу керек экенин аныктоо үчүн Саддам америкалык спутниктер аркылуу тартылып алынган маалыматтарды пайдаланган.

XS
SM
MD
LG