Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:55

ИРАКТАН ЖАЛАҢ ЭЛЕ ЖАГЫМСЫЗ ЖАҢЫЛЫКТАР ЧЫГАБЫ?


Кошмо Штаттарда Сенаттын аскердик маселелер боюнча комитетинин төрагасы Жон Уорнер АКШнын Ирактагы беделин жакшыртуу максатында Пентагон менен келишими бар жеке фирма тарабынан ирактык журналисттер менен гезиттерге акча төлөнгөн деген маалыматтар боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Ал эми АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд маалымат каражаттары Ирак боюнча терс жаңылыктарга гана көбүрөөк басым жасап, кырдаалды иш жүзүндөгүдөн да жаман кылып көргөзүүдө деп эсептейт.

Эл аралык изилдөөлөр боюнча Вашингтондогу Жон Хопкинс институтунда дүйшөмбү күнү чыгып сүйлөгөн учурунда Дональд Рамсфелд бир жыл ичинде кан жолдордогу түрдүү кырсыктардан каза тапкан америкалыктардын саны АКШнын Иракта дээрлик үч жылга жакын согуштагы жоготуусунан көп экенин белгиледи. Бирок, Рамсфелддин айтымында, маалымат каражаттары Иракта 2100дөн ашуун америкалык жоокер мерт болгонуна өзгөчө басып жасоодо. Экинчи бир мисал катары Рамсфелд биринчи жолу өткөн аптада "Лонс Анжелес таймс" гезити жарыяланган жаңылыкты келтирди. Анда Ирактын маалымат каражаттарына АКШнын бул жердеги беделин жакшыртуу үчүн атайы заказ менен жазылган макалалар жарыяланып жатканы тууралуу айтылган:

-Бул окуяга маалымат каражаттарынада өзгөчө көңүл бурулду. Себеби бул маалымат каражаттары жөнүндө болгондуктан, алар үчүн кызык. Бирок азырынча биз фактылар эмне экенин билбейбиз. Ирактагы америкалык аскерлердин командачысы иликтөө жүргүзүүдө. Маселе бул кабар бүткүл дүйнөгө кайра-кайра таратылып жаткандыгында жана биз фактыларды табууга аракет кылуудабыз.

Рамсфелддин пикиринде, АКШнын Ирактагы жана дүйнөдөгү душмандары Ирактагы кырдаалды көбүнесе терс жагынан көргөзүү аракетинде. Маалымат каражаттары болсо Ирактын байланыш инфраструктурасынын чыңдалуусу, экономиканын өсүүсү, гезиттерди, мобилдик телефондордун саны көбөйүүсү, мектептер курулуп жаткандыгы өңдүү оң көрүнүштөргө аз эле көңүл бурууда. Рамсфелд Жон Хопкинс институтундагы сөзүндө белгилегендей, "Ал-Каида" жана АКШнын башка душмандары жайылткан жалганчылыкка каршы коомдук дипломатияны колдонууда али проблемалар бар.

АКШ коргоо министри министри моюнга алгандай, америкалыктар али да коомдук дипломатияны кантип натыйжалуу колдонууну үйрөнүүнүн үстүндө. Анткени, Кошмо Штаттар ар убак дүйнөнүн калган бөлүгүнөн изоляцияда жашап келген. Эки океандын ортосунда жайгашкандыктан, америкалыктарда күндөлүк иштерди жүргүзүү үчүн башка маданияттарды, тилдерди үйрөнүүгө өтө чоң муктаждык болгон эмес:

-Адам катары, биз америкалыктар тилдерди, башка маданияттарды жогорку чеберчиликте билбейбиз жана жана бул – проблема.

Ал эми Жорж Вашингтон университетинин медиа жана коомдук иштер боюнча профессору Марк Фелдстейн АКШнын коргоо министринин аргументтерине көп ынанбайт. Ал коомдук пикирди буруу үчүн согушта пропаганданын зарылдыгын жокко чыгарбаганы менен бирок адамдардын колдоосун алуу максатында ирактык журналисттер менен гезиттерге акча төлөөнү дурус ыкма эмес деп эсептейт. Профессор «Азаттык» жана «Эркин Европа» радиосунун кабарчысына берген интервьюсунда буларды айтты:

-Америкачыл пропаганданы жүргүзүү үчүн гезиттерге, кабарчыларга
төлөө - АКШнын адашкан жол менен жүргүзгөн пропагандасы болду. Менимче, бул жерде реалдуу ирония бар. Биз болжолдонгондой Иракка демократияны, эркиндикти, басма сөз эркиндигин ишке ашыруу үчүн келгенбиз жана биз бул жерде жогорудагыга окшогон пропагандалык кампания аркылуу басма сөз эркиндигин бузуп жатабыз
.

Марк Фелдстейн белгилегендей, Кошмо Штаттар чындык ал тарапта жана либералдык демократиянын тарабында экенин узактан бери айтып келген. Эгер чын эле ушундай болсо, анда жашыруун пропагандага кайрылуунун эч кандай кажети жок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG