Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

ЦРУнун ЖАШЫРУУН АБАКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ ЕВРОПАЛЫК ӨКМӨТТӨР КАБАРДАР БЕЛЕ?


Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Европадагы сапарын баштады. Визит учурунда АКШ эски континеттин аэропортторун шектүү террористтерди ташууда транзит катары колдонгон, Вашингтондун Европада жашыруун абактары болгон деген маалыматтардын чын төгүнү талкууланат. Эгерде андай түрмөлөр чындап эле бар болсо, европалык өкмөттөрдүн жана чалгындоо кызматтарынын беймаалым калышы мүмкүнбү?

Европага аттанаардын алдында Райс Буш администрациясынын террорист деп айыпталгандарды абакта кармоо боюнча саясатын коргоп сүйлөдү. Шейшембиде Берлинде мамлекеттик катчы ошол оюн кайталады:

АКШ кыйноолорго жол бербейт. Бул - Кошмо Штаттардын мыйзамдарына жана өлкөнүн эларалык коомчулук алдындагы милдеттенмелерине каршы келет. Президент АКШнын расмий адамдары өлкө мыйзамдарынын чегинде жана эларалык милдеттенмелерге ылайык иш жүргүзүшөт деп ачык айткан..

Дүйшөмбү күнкү сөзүндө мамлекеттик катчы айрым учурларда эки тарап ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, шектүү адамдарды юридикалык процедурасыз эле үчүнчү мамлекетке жиберүү практикасы колдонуп келген деп ырастады.

Кээ бир учурларда, тигил же бул себептен улам, жергиликтүү өкмөттүн шектүү кишини кармоого же жазалоого шарты жок болот. Салттуу экстрадицияны мындай учурларда колдонуу туура эмес. Анда өкмөт шектүү адамды үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүнү чечет. Бул – эларалык нормаларга каршы келбейт.

Буга байланыштуу: “Европа мамлекеттери АКШнын мындай аракеттеринен кабардар беле?” - деген суроо туулат.
Мамлекеттик катчы “ооба” деп кыйытты.
Андай болсо, бул - ошол мамлекеттер Европа биримдигинин жоболорун бузду дегенге жатат. Эмнести Интернешнл уюмунун кызматкери Жэймс Дайсондун пикирин угуп көрсөк:

Адамдарды кыйноолор колдонгон өлкөгө жиберүү эларалык нормаларды түздөн түз бузуу болуп саналат. Кондолиза Райс кабыл алган өлкө “дипломатиялык кепилди” берет деди. Анын эч кандай мааниси жок, себеби кыйноолорго жол берилген мамлекеттер дайыма андай фактыларды четке кагып келишкенин жакшы билебиз.

Шейшембиде АКШнын тышкы мекемесинин жетекчиси Германияда болуп, канцлер Ангела Меркель менен жолугушту. Немис парламенти өкмөттөн бул маселеге айкындык киргизүүнү талап кылган эле.
Депутаттарды Германиянын жараны, теги ливандык Халед Масринин иши өзгөчө кызыктырат.

Масри 2 жыл илгери Македонияда дайынсыз жоголуп кеткен. 5 айдан кийин жигит Германияга кайтып келип, аны америкалык чалгынчылар уурдап, Ооганстандагы лагерге жиберишкен деп айтып берди.

Меркель шейшембиде кабарчыларга билдиргендей, Масриге байланыштуу АКШ ката кетиргендигин моюнга алды. Масри болсо ЦРУну сокто берди.

Өзүнүн бейтараптуулугу менен белгилүү Ирландия да бир топ сынга кабылды. Эмнести интернешнл соңку 4 жылдын ичинде ЦРУнун учактары Ирландиянын Шэнон аба майданына кеминде 50 жолу конгон деп ырастоодо.
Ирландиянын тышкы иштер министри өкмөттүн бул тууралуу эч кандай кабары жок деген жообун узатты. Келечекте андай фактылар жакшылап иликтенет, - деп ишендирди министр.

XS
SM
MD
LG