Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:26

АДАМЗАТТЫН КЕЛЕЧЕГИ ТУУРАЛУУ АМЕРИКАЛЫК ОКУМУШТУУНУН ОЙЛОРУ


Нарын АЙЫП, Прага Америкалык белгилүү футуролог Рей Курцвейл октябрда жаңы китеп чыгарды. Атактуу азиз композитор жана ырчы Стиви Уандер үчүн ноталарды окуй ала турган атайын аспап ойлоп чыгарган окумуштуу адамзаттын келечеги тууралуу ойлору менен бөлүшөт.

Адамзаттын келечеги жакын арада кандай болоору тууралуу азыр ар башка ой-пикирлер бар. Айрымдардын айтымында, адамдын аң-сезими акыркы жылдарда өтө ылдам өнүгүп бараткандыктан, азыркы балдар бизден кескин айырмаланат жана жакынкы жылдарда алардын көпчүлүгүнүн мүмкүнчүлүктөрү азыркы көзү ачыктардыкындай болот. Башкалардын айтымында, ааламда Жерден башка планеталарда дагы тиричилик бар жана алар көптөн бери эле Жерге келип, биздин турмушту байкап-изилдеп келатат, жакынкы жылдарда алар адамзаттын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошушу мүмкүн. Көзү ачык адамдар жана пайгамбарлар болсо - ошол келгиндердин шакирттери жана айрым адамдарга алар андай касиет берүү менен өзүнчө бир эксперимент жүргүзүп жатат.

Америкалык окумуштуу Рей Курцвейлдин айтымында болсо, адамзат жакынкы жылдарда чындап эле кескин өзгөрөт жана анын негизинде - адам менен роботтордун аракеттеринин биригиши болот. Окумуштуунун пикиринде, компьютерлик технология азыркыдай өнүксө, 2030-жылы компьтерлердин мүмкүнчүлүктөрү адамдын мээсинен артык деңгээлге жетет, медицина ар бир адамдын өзгөчөлүктөрүнө жараша дары-дармек чыгара баштайт, илим болсо адамдын гендерин оңдоп, алардын айрымдарын алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө жетет.

"Айрым гендерди иштетип, айрымдардын ишин токтотуп салуу мүмкүнчүлүгүнө биз жетишип калдык, аларды алмаштыруу да жакында мүмкүн болот жана бул жетишкендик - миңдеген башка мүмкүнчүлүктөрдүн бири гана. Адамдын генетикалык программаларын жакында өзгөртүү да мүмкүн болот", - дейт Курцвейл.

Окумуштуунун айтымында, биология илиминин негизинде маалымат алмашуу жараяны жатат, жакынкы жылдарда болсо маалымат технологиясында эбегейсиз өзгөрүүлөр болоору күтүлүүдө жана аларды - тил же дөңгөлөк чыгаруу ачылыштары менен салыштырса болот. Адамзаттын өнүгүүсү бир калыптуу эмес жана жалгыз XIX-кылымдын ичиндеги өнүгүү анын алдындагы бир миң жылдагыга тете болсо, XX-кылымдагы өнүгүү XIX-кылымдагыга караганда бир нече эсе жогору болду жана өнүгүү улам ылдамдап баратат:

"Мындан бир нече жүз жыл мурда - адамзат өнүгүүсүндө эч кандай өзгөрүү жок деп айтылчу. Андан соң биз - ар бир тармакта өнүгүү болуп жатканын түшүндүк жана өнүгүү туруктуу экени аң-сезимге кирди. Бирок чындыгында өнүгүү улам ылдамдап баратат. Азыркы деңгээлден алып караганда, XX-кылым жөн гана өнүгүүнүн жүз жылы болгон жок, аны менен салышытрганда азыркы өнүгүү алда канча ылдам. Менин изилдөөлөрүм көрсөткөндөй, мурдагы жүз жылдагыдай өнүгүү азыр 20 жылдын ичинде жетишилүүдө жана өнүгүү улам ылдамдап бараткандыктан, андай 20 жылдык өнүгүү эми 14 жылда жетишилет, андан кийинки ошончолук өнүгүүгө жети жылда жетсе болот", - дейт америкалык окумуштуу.

Анын айтымында, байыркы адам маймылдардан айырмалана баштагандан тартып азыркы күндөгү абалга чейин анын үч гана гени өзгөргөн, жаңы технология менен гендерди алмаштыруу менен болсо эбегейсиз өзгөрүүлөргө жетүү мүмкүн. Азыркы муундун өмүрү учурунда - кан тамырлардын ичи менен кан менен кошо жүрүп, оору пайда болгон жерлерди оңдой алган майда роботтор жасалат жана алар рак оорусуна чалдыккан жерлерди да жок кыла алат.

Эң негизгиси - ошондой эле ылдамдык менен азыр экономика дагы өнүгүп баратат жана жалгыз эле АКШда электрондук сооданын көлөмү триллиондогон долларга жетти, андай соодада болсо бажы же башка чек ара тоскоолдуктары жок.
XS
SM
MD
LG