Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

ОРУСИЯ ИНДИЯГА АТОМДУК ОТУН МЕНЕН КАРА МАЙ БЕРМЕК БОЛУП АТАТ


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын президенти Владимир Путин шейшембиде Индиянын премьер – министри Манмохан Сингх менен жолуккандан кийин Орусия тиричиликте отун катары пайдаланчу ядролук энергетиканы өндүрүү боюнча Индияга көмөк көргөзгөнү атат деп билдирди. Ошондой эле эки өлкө ортосунда космосту өздөштүрүү боюнча жана коргонуу багытындагы кызматташтыктар алкагындагы бир нече келишимдерге кол коюшту. Сингх үч күндүк ырасмий иш сапары менен Маскөөгө жекшембиде барган.

Президент Владимир Путин менен индиялык өкүмөт башчы Манмохан Сингх экөө шейшембиде Кремлде коргонуу жана отун маселеси боюнча мындан ары кызматташ болуу үчүн бир нече келишимге кол коюшту. Сырттан көз салуучулар айтымында Индия менен Орусия согуштук-техникалык чөйрөдө абдан тыгыз катнашта болгону менен соодада алакалары анча өнүкпөгөн боюнча калууда. Ошол себептүү, бул жолку орусиялык лидердин Делиге эми Маскөө кара май менен газ жеткирүүсүн кеңейтет деген кеби анализчилер оозунда айтылып калды. Ошону менен катар Путин бул жолу индиялык ядролук отунду өндүрүү үчүн да Орусия даяр деп билдириши дагы бир башка кеп болуда.

«Новые известия» жазганга караганда: «Орусия үч тараптуу ымаланы – Индия жана Кытай менен кызматташууну кызуу колдой тургандыгын билдирди», - деп жазат. Мамлекет жетекчиси ошол эле күнү ИНТЕРФАКС агенттигине айткан жообунда: «алар (Орусия-Индия-Кытай – ММ) Азия мейкиндигинде прогресстин жандануусуна түздөн түз таасир этүүгө кызыктар», - деген.

Дагы бир маегинде президент Путин: Маскөө менен Дели ортосунда алаканы «нагыз стратегиялык мүнөздө. Анын үстүнө биз барган сайын ал мамиленин артып бартканын байкайбыз», - деп билдирген. Мамлекеттик сыналгы көрсөткөн жолугушууда индиялык жетекчи Манмохан Сингх «Газ пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароого Индия эми киришет. Биздин региондо жайгашкан мамлекеттер биргелеше бул долбоор боюнча иштешсе анда ал баарыбыздын ыраатчылык үчүн кызмат өтөйт», - деген.

Сыналгыдан Путьин жолугушуу эки тараптуу болсо да бул жолу Ирандын атомдук программасын ала чаап сүйлөдү.

«Биз, (Индиянын – ММ) премеьер-министри мырза менен Ирандын атомдук программасын да талкууладык. Ирандык ядролук маселе боюнча МАГАТЭ чыгаруучу чечим үчүн дагы кыйла мүмкүдүк бар», - деди.

Мурунку күнү Орусиянын коргонуу министри жазаган билдирүүдө Тегеранга жакында Маскөө 700миллион долларга Тор М-1 аталыштагы 29 зениттик-ракеталык комплекс жиберип атканы айтылган. Мындай жагдайды саясий анализчилер бирлери «Орусия, атомдук бомба жазап берүү үчүн Иранга жардам берип атканы маалым болуучу. Эми ошол атомдук курал жазалуучу жерлерди авадан болуучу кол салуудан сактап да бериш үчүн Иранга жерден атып асманда бараткан бутаны жыкчу ракеталарын сатып атат», - деп айтышууда.

Анализчилер мына ушундай кадамдардан кийин, Кремлдин оюнда бир эле Азия чегинде эле эмес Чукулку Чыгыш чегинде таасир арттыруу дымагы жаткандыгын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG