Лондондо ушул жумада чогулуп жаткан адистер авиан сасык тумоосу глобалдык пандемияга айланат деп ачык эле айтышууда. Пандемия бул эпидемиядан да кеңири аймактарды, бүтүндөй өлкөлөрдү жана материктерди каптаган учурду билдирет. Жыйынга чакырылган Лондондогу Империалдык колледждин тажрыйбалык медицина боюнча адиси Петер Опеншау мындай дейт:
– Менимче, билермандардын көбү бул пандемиянын болоорунан күмөн санабайт, болгону качан болоору жөнүндө сөз болуп жатат. Бирок муну билиш жер титирөөнүн качан болоорун аныктагандай эле кыйын.
Күндө миллардаган адамдар кайсы бир жолдор аркылуу канаттуу менен байланышта болот, тоок багат, жумуртка же тооктун этин жейт дегендей. Ошондуктан бүт дүйнө боюнча 70 өлүм бул өтө эле аз сыяктанат, ошол эле убакта 130 чакты киши гана бул ооруну жуктуруп алганын эске алганда, курмандыктардын саны 50 пайыздан ашык жаткандыгы өтө жогору жана кооптуу көрсөткүч.
Азырынча куштун ылаңы куштан адамга гана жугат, бирок ал адамдан адамга жуккан формасына өтсө, чагылгандай тез тарашы мүмкүн. Ал эми андай мутацияланган вирус чыкмайынча, аны токтотуучу вакцина да ойлоп таап, көп санда өндүрүү өтө татаал.
Дагы бир кыйынчылык, Түштүк-Чыгыш Азиядан вирустун келгин куштар аркылуу дүйнөнүн башка аймактарына тарткатып жаткан-жатпаганы белгилүү эмес. Азырынча оору союлган куштун эти аркылуу жайылууда.
Лондон конференциясында дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр талкууга алынып, пандемия чыккан мезгилге даярдык туурасында сөз жүрүүдө. Жыйындын соңунда саясатчылар жана жалпы калк үчүн атайын кеңеш-маалымат жарыяланат деп күтүлүүдө.
Бул маалымат, кеңештер айрыкча Борбор Азия үчүн керек, себеби оору ал чыккан жерден башка жактарга таралат. Бул тууралуу Биртаниялык окумуштуу Колин Блейкмор мындай дейт:
– Бул пандемия сөзсүз эле Чыгыш Европада же Борбор Азияда болот деген жокпуз. Бирок оору ал чыккан жерден, мисалы Кытайдан, Вьетнамдан, Таиланддан же Камбоджадан таралганда, Чыгыш Европа жана Борбор Азия аркылуу өтөөрү толук ыктымал.
Крымда 2 миңден ашык үй канаттуусу куштун сасык тумоосунан кырылып калгандан кийин, Украинада чукул абал киргизүү маселеси каралып жатат. Ошол эле учурда адистер сөз Ей-5-Эн-1 вирусу жөнүндө жүрүп жаткандыгын али так аныкташа элек.