Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

АКШ УКРАИНДАГЫ РЕФОРМАЛАРГА КОЛДОО КӨРГӨЗӨТ


АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кечээ Киевде болуп президент Виктор Юшенко баштаган украин бийликтери менен сүйлөшүү өткөрдү. Өз сөзүндө Кондолиза Райс Вашингтон Украинанын келечектеги саясий –экономикалык реформаларына колдоо көргөзөрүн билдирди.

Кондолиза Райс АКШ администрациясынын былтыркы саргылт ыңкылаптан кийин Украинага келген жогорку даражалуу алгачкы өкүлү болду. Киев Мамлекеттик университетинде сүйлөгөн учурунда Кондолиза Райс Кошмо Штаттар Украинаны стратегиялык өнөктөш катары эсептерин, Вашингтон Украина Батышка карай ыктоону улантуусун көргүсү келерин белгиледи:

-АКШ Украина Евробиримдикке жана Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүк максатына жетүүсү үчүн зарыл саясий жана экономиклык реформаларды ишке ашыруусуна жардам берет..

Райстын жогорудагыдай билдирүүсүн Украина үчүн жакшы белги катары кароого болот. Себеби АКШнын Украинаны базар экономикалуу өлкө деп таануусу – ал Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү максатын орундатуусундагы чечүүчү баскычтардын бири.


Базар экономикалуу өлкө статусун өткөн аптада Украинага Евробиримдик ыйгарган эле. Президент Виктор Ющенко эми ушундай эле кадамга АКШ да барарына ишеним билдирди:

-Мен айтаар элем, биз бир топ оң нукта иштеп жатабыз. Экономиканын түрдүү тармактарында көрүлгөн чараларга байланыштуу калган техникалык түшүндүрмөлөрдү жөнөттүк жана биз АКШ ал техникалык маалыматтарга канааттанат деген ишенимдебиз.

Украинада келерки жылдын март айында кезектеги парламенттик шайлоо өтүшү керек. Байкоочулар өлкө азыркы батышчыл нугун улантуусу үчүн
реформачыл күчтөрдүн жеңишке жетүүсү өтө маанилүү экенин айтышууда. Парламенттик шайлоого багытталган саясий күрөш соңку айларда украиналык реформачылардын лагерине да ажырымга алып келди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG