Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

УКРАИНА КУШ ТУМООСУНА ТИКЕСИНЕН ТИК ТУРУУДА


Бир нече күндөн бери Украин бийликтери куш тумоосун жайылтпай басуунун камында. Крым жарым аралындагы алты кыштакта коркунучтуу ылаңдан 2, 5 миңдей каз-тоок кырылды. Үй канаттуулары куш тумоосунун кайсы түрүнөн кырылганы азырынча беймаалым. Ветеринардык кызматтар илдетке чалдыкты дешип, 30 миңдей тоок-казды жок кылышты.

Куш тумоосун жайылтпоо үчүн Украинанын чукул кырдаалдар министрлиги Крымдын ылаң табылган кыштактарын тегерете 3 чакырымдык карантин зонасын орнотту. Каз-тоокторуна ылаң жуккан адамдар атайын эмдөө алышып, доктурлардын көзөмөлүндө.

Бирок, көпчүлүк калк куш ооруусуна каршы ыкчам чара көрүлбөдү, ылаң тууралуу өз маалында элге кабар айтылбады дешип, Украин өкмөтүнө нааразы.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистеринин кебине караганда, вирусту өлтүрүү үчүн илдет жуккан канаттуну кайнатуу жетиштүү болот. Анткен менен, “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен баарлашкан айрым украин жарандары, тооктук этин жеген коркунучтуубу же жокпу дешип, арсар экенин айтышкан:

Аял: Сиз этият болушуңуз керек.
Эркек: Мен келечекте тооктун этин сатып албайын деп чечтим.
Аял: Мен тоок этин мындан ары такыр сатып албайм. Башка адамдарга да ушундай кеңеш айтам

Эркек: Мен токктун этин жакшы көрөм. Эмне кылмак элем, токк этин сатып алам да.

Президент Юшенко 5-декабрда куш тумоосу катталган аймактарда болуп, ылаңга каршы көрүлүп жаткан иштер менен жайында таанышты. Ал өлкөнүн башкы ветерианрдык врачын илдет жөнүндө өкмөткө кечигип маалымат бергени үчүн кызматтан алам эскертти.
Парламент аймакта чукул кырдаал абалын жарыялады. Ал эми адис-дарыгерлердин топтору элге күн-түн тынбай эмдөө жүргүзүүдө.

Украинанын саламаттыкты сактоо министри Юрий Поляченко парламенттин чукул кырдаал абалын киргизүү жөндөгү чечимин өтө туура кадам деп санайт:

-Врачтар муну зарыл кадам деп санашат. Биринчиден, бул чара аймакта жашаган элди аз да болсо тартипке салат. Бул аймакта бардык доктурлар менен атайын топтор иштешүүдө. Экинчи жактан, биз маселени карантин киргизүү менен жөндөй албайбыз. Бул кыштактардын эли парламенттин чечимин туура кабыл алышты.

Украинанын түштүк чыгышында куш тумоосунун Азиядагыдай Ейч-5 Ен-1 вирусу жайылганбы, аны ушу тапта Британиянын жана Италиянын лабораторияларында өткөрүлүп жаткан иликтөө аныктайт.

Россия бийликтери Крымга коңшулаш Краснодар крайында куштардын ылаңына каршы чара көрүүдө.

XS
SM
MD
LG