Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

ПРЕЗИДЕНТ КУРМАНБЕК БАКИЕВ КОНСТИТУЦИЯНЫ ЧУКУЛ АРАДА ӨЗГӨРТҮҮГӨ КАРШЫ ЭКЕНИН БИЛДИРДИ


8-декабрда Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиев 9 телерадио компаниянын журналисттерин кабыл алып, алардын суроолоруна жооп берди. Президент Бакиев Конституцияны тез-тез өзгөртө берүүгө каршы экендигин, Кыргызстан парламенттик башкарууга азырынча даяр эместигин билдирди. Жолугушууда, мындан тышкары, Ганси атындагы авиабазанын тагдыры, кыргыз-өзбек мамилеси, коррупция тууралуу суроолор да козголду.

Президент Курманбек Бакиев «Азаттыктын» «24-марттагы ыңкылаптын максаттарынын бири – саясатта, экономикада чечкиндүү реформаларга барып, элдин бийликке болгон ишенимин калыбына келтирүү эле. Сиздин оппоненттериңиз азыр элдин талкуусуна коюлуп жаткан Конституция мурдагысынан айырмаланбайт, учурдагы президент Курманбек Бакиев хандыкындай бийлиги бар мурдагы президент Аскар Акаевдин кейпин кийип калды, бийлик-укуктарын өкмөт менен, парламент менен бөлүшпөй койду деп жатышат. Ушулардын сыры эмнеде болуп жатат?» деген суроосуна мындан 2 күн мурда депутаттар тобун кабыл алганын жана анда Конституциялык реформа тууралуу сөз болгонун билдирди.

Президенттин айтымында, депутаттар парламенттик башкарууга өтөлү деген пикирлерин билдирген, бирок мамлекет башчынын айтымында ал Конституцияны 2-3 жылда эле кайра-кайра өзгөртө берүүгө каршы:

-Конституцияга 2003-жылы өзгөртүүлөр киргизилип, кабыл алынган. Ушул Конституция жакшыбы-жаманбы, буга баа бериш үчүн кичине мезгил өтүш керек. Анан убакыт өтпөй эле, эки жыл өткөндөн кийин эле кереги жок, башка Конституция иштетебиз деп чыгасыңар. Ар үч жылда өзгөртүү, толуктоолорду киргизе берсек, эч жыйынтык чыкпайт.

Президенттин пикиринде парлменттик мамлекет болуш үчүн саясий партиялар күчтүү болууга тийиш, «бизде 60тай партия болгону менен алардын көбүн эл билбейт, ошондуктан биз азыр парламенттик мамлекет болууга даяр эмеспиз» деди Курманбек Бакиев.

Анын айтымында, парламентти таратуу боюнча топтолгон 300 миң колду чогултууга президенттик администрация эч кандай кол кабыш кылган жок, жардам берген жок. Бирок мен 300 миң кол топтолот деп ойлогон эмес элем, деп кошумчалады президент. «Демек анча кол топтолгондон кийин парламент дагы өзүнүн ишин жакшыртуунун жолдорун ойлонушу керек дегенди билдирет» деди президент.

Жолугушууда Ганси атындагы авиабазанын тагдыры тууралуу да суроо болду. Мамлекет башчысынын айтымында, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер тарабынан Ганси авиабазасы боюнча Кыргызстандын жаңы бийлигине эч кандай кысым болгон эмес, бирок базанын качан чыгаарын тактоо маселеси коюлганы чын:

-Мындай кысым болгон жок. Бир гана Астанада Шанхай уюмунун мүчөлөрү отурганда, булардын базасынын Кыргызстандан алып чыгыш мөөнөтүн сүйлөшпөйсүңөрбү деген сөз болду. Биз айттык, негизги маселенин бардыгы Ооганстанга байланыштуу болуп атат. Стабилдүүлүк болуп, эл аралык уюмдан келген аскер күчтөрү кетсе, булар да кетет. Бирок ал жакта абал андай эмес деп.

Президент Ганси боюнча азыр келишим кайра каралып жатканын, кыргыз тарап Ганси базасына байланыштуу түшүп жаткан акча каражаттарынын суммасын 100 эсеге көбөйтүү жагы каралып жатканын кошумчалады:

-Американын базасын биз кайрадан карап атабыз. Ачык айтып коюшум керек, ушул келишимге кол коюлса мурункуга караганда 100 эсе көбүрөк каражат түшкөнү турат. Биз бардык эсеп-кысабын тактап айтып атабыз.

Президент Бакиев Өзбекстан менен мамилеге байланыштуу суроого жооп берип жатып март ыңкылабынан кийин колдоо көргөзгөнү үчүн Өзбектандын элине жана президент Ислам Каримовго ыраазычылык билдирээрин айтты.

«Кыргызгаз» акционердик коому Өзбекстан менен газ боюнча келишимге кол койду. Баасы албетте бир кубометрине 42 доллардын ордуна 55 доллар төлөмөк болдук, биз газдын баасынын кымбатташын туура кабыл алып, аны түшүнөбүз деди президент.

Курманбек Бакиевдин айтымында, эл саясаттан чарчап бүттү, ошондуктан 2006-жылды жалаң экономикага, реалдуу өнүгүү иштерине арноо керектигин, Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу, Кызыл-Кыядагы цемент заводунун курулушу, Жер-Үй, Талды-Булак алтын кендерин иштетүү сыяктуу ири-ири долбоорлор турганын белгиледи.

24-марттан кийинки ийгилиги катары ыңкылаптын кан төгүүсүз ишке ашканын, мугалим, милиция, дарыгерлердин айлыгын көбөйтүүгө жетишкенин, Кыргызстан оор жыл болгонуна карабай 2005-жылы эл аралык баардык милдеттемелерин аткарууга жетишкенин, ал эми кемчилиги катары айрым кадрлар шашылыш дайындалганга байланыштуу үмүттү актабагандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG