Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

БОРБОР АЗИЯДАГЫ АБАКТАР ВИЧ МЕНЕН КУРГАК УЧУКТУН УЮГУ


1990-жылдардын ортосуна чейин Борбор Азия жумурияттары ВИЧ инфекциясынан жапа чекпеген өлкөлөрдүн катарына кирчү. Он жылдын ичинде жагдай кыйла өзгөрүп, 2004-жылы Казакстанда СПИДдин вирусуна чалдыккан кишилердин саны 2000-жыл менен салыштырмалуу 3 эсеге, Кыргызстанда 9, Өзбекстанда 16 жана Тажикстанда 17 эсеге өстү. ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган адамдын организми башка илдеттерге, өзгөчө кургак учукка тез эле кабылат. Жазалоо системасын реформалоо программасынын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча эксперти Геза Уолхер Transition Online сайтында көлөмдүү макала жазып, чөлкөмдүн абактарындагы санитардык абалды талдоого алат.

БУУнун СПИД программасынын маалыматына ылайык, Борбор Азия регионунда ВИЧке кабылгандардын саны 8 миңдей кишини түзөт. Адистердин баамында бул анча жогору көрсөткүч эмес. Бирок вирустун көптөгөн учурларынын аныкталбаган бойдон кала берүүсү кооптонууну жаратат.

10 жылдын ичинде кырдаалдын өзгөрүшүнө эмне себеп болду?

Негизги себеп катары адистер маң заттарынын жайылышын аташат. Айрым жерлерде героиндин баасы арактыкынан арзан болот, аны сатып алуу да оп-оңой. Наркомандар болсо маң заттарын тартуудан, ийине сайынууга көбүрөөк ыктай башташканы байкалат. 2001-жылы ВИЧ инфекциясына кабылган адамдардын 80 проценти аны ийне аркылуу жуктуруп алышкан.
Жашоо стандарттарынын төмөндүгү, жакырчылык, ачарчылык, медициналык тейлөөнүн, социалдык кызматтардын начардыгы ВИЧтин тез тарашына өбөлгө түзөт.

Ошол эле мезгилде кеңири калк илдет жөнүндө анча кабардар эмес. Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттөрү элди агартуу керектигин жакшы түшүнүшсө, Өзбек жана түркмөн бийликтери бул маселеге көңүл кош мамиле жасап келатышат.
Натыйжада, ЮНИСЕФтин 2003-жылкы иликтөөсүнө ишенсек, Өзбекстанда жаштардын 50 проценти СПИД жөнүндө таптакыр уккан эмес жана оруну жуктуруп алуу жолдору тууралу жаңылыш ой түзүшкөн.

Мамлекет проблеманы чечүүгө киришпесе, вирус мындан ары да ыкчамдык менен жайыла берет. Аны кургак учук да тездетиши ыктымал. Себеби, ВИЧ организмдин жалпы иммунитетин алсыратып, ар кандай микроб, вирустардын пайда болушуна жакшы шарт түзүлөт.
2004-жылы Борбор Азияда кургак учуктун 50 миң жаңы учурлары катталган. 1990-жылдардын соңунда Казакстанда жылына 5 миң киши кургак учуктан көз жумган.
Советтер союзунда кургак учук менен оругандардын бардыгы катталып, көзмөлгө алынчу. Союз кулагандан кийин ал система түп тамырынан жок кылынды.

Кургак учукка жана СПИДке чалдыгуу коркунучу жаза өтөө жайларында өзгөчө жогору. Былтыркы көрсөткүчтөргө ылайык, ВИЧ жана туберкулез менен оруган адамдардын үчтөн бир бөлүгү абакта отургандар болуп чыкты. Кыргызстанда бул сан 2003-жылы, атүгүл, 56 процентке жеткен.

Мунун себептери эмнеде? Адистер кылмышкерлердин көбү социалдык начар чөйрөдөн, жакыр, билими төмөн, мигранттардын же улуттук азчылыктардын топторунан чыгат дешет.
Көпчүлүк учурларда алардын медициналык тейлөөгө мүмкүнчүлүктөрү же укуктары жок болот. Ошентип, кылмышкерлер абакка чейин эле мыкты ден соолугу менен айырмаланбайт.

Жергиликтүү мыйзамдарда маң заттарын колдонгон адамдар менен аткезчилерге дээрлик бирдей жаза каралган. Накромандарды дарылоо же реабилитациялоо программаларын сунуш этүүнүн ордуна, аларды түрмөгө тыгып салуу кадыресе көрүнүш.
Абакта болсо ВИЧтин жайылышына бардык шарттар түзүлгөн. Кылмышкерлер маң заттарын бир эле ийне менен сайынышат, сексуалдык катнашта болушат.
Вирустан алсыраган организм кургак учукту тез эле жуктуруп алат. Түрмөлөрдө болсо терезелер жабык кармалып, элге жыш толгон камералар желдетилбейт. Начар санитардык шартта бактериялар көбөйүп, тез тарайт. Анын үстүнө оруларды дарылоого каражат жетишпейт. Казакстандан тышкары Борбор Азия жумурияттарында бир кылмышкерге күнүнө жарым долларга жетпеген акча жумшалат.
Айрым абактарда болсо медициналык кызматкерлер таптакыр жок.
Кургак учуктан айыгыш үчүн адам витамин, жашылча-жемиш, күчтүү тамак-аш жеп, дары-дармек ичиши керек. Албетте, жаза өтөөчү жайларда андай шарттар жок.

Анын үстүнө сөз болуп жаткан өлкөлөрдө абактагылардын ден соолугу өңдүү маселелер саламаттыкты сактооо министрлигинин эмес юстиция же ички иштер министрлигинин карамагында. Аталган мекемелер болсо түрмөдөгүлөрдүн саламаттыгын көңүл сыртында калтырып келишет.

Аталган илдеттерге жаза өтөөчү жайларда иштеген кишилер да чалдыгышы ыктымал. Ошентип, кооптуу дарт кеңири калкка тарайт.
Дүйнөлүк банктын прогноздоруна ылайык, 2004-2020-жылдын аралыгында ВИЧтин жайылышы Кыргызстан жана Казакстандын экономикалык өсүшүн кеминде 11 процентке тмөндөтүшү мүмкүн, Өзбекстанда болсо бул көрсөткүч 23 процентке жетиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG