АКШнын Борбордук чалгын кызматынын Европада жашыруун түрмөлөрүнүн бардыгы жана террорчулукта шектелген адамдар суракка алуу үчүн ошол түрмөлөргө ташылып барылгандыгы жөнүндөгү маалыматтар алгач "Вашингтон Пост" гезитинде Кондолиза Райстын Европадагы сапарынын алдында жарыяланган эле. Ушундан соң Европада орун алган талаш – тартыш АКШ Мамлекеттик катчысынын эски континенттеги бул жолку иш сапарына көлөкө түшүрбөй койгон жок. Атүгүл европалык айрым мамлекеттер аталган маалымат боюнча расмий иликтөө баштаган болчу. Брюсселдеги жыйын соңунан НАТОнун өкүлүнүн билдиргенине караганда, европалык министрлер АКШ Мамлекеттик катчысынын түшүндүрмөсүнө "канааттанды". Кондолиза Райстын өзү болсо сүйлөшүүлөр тууралуу пресс-конференцияда төмөнкүлөрдү белгиледи:
-Биз баарыбыз өз мамлекеттерибиздин саясатын жүргүзүүчүлөр катары, бейкүнөө адамдардын өмүрү, алардын коопсуздугу үчүн жоопкер экендигибизди моюнга алабыз. Биз мыйзамды сыйлаган мамлекеттер муну мыйзамдуу жол менен жасаш керектиги жөнүндө сөз кылдык. Менимче биздин талкуу өтө маанилүү болду жана көп нерсени ачыктады.
Ал ошондой эле АКШнын союздаштары террорчулукка каршы күрөш оор "диллеманы" жаратканын түшүнгөнүн, Борбордук чалгын кызматынын учактары каттаган европалык өлкөлөрдүн мыйзамы эч качан бузулбаганын кошумчалады. Кондолиза Райс ага катар АКШ өз кызматкерлерине дүйнөнүн кайсыл жеринде болбосун, кимдир бирөөгө каршы кыйноону колдонууга жол бербейт деген мурдагы билдирүүлөрүн Брюсселден да кайталады.
Немец тышкы иштер Франк –Вальтер Штайнмайер өз сөзүндө Кондолиза Райстын АКШ террорчулукка каршы күрөштө эл аралык мыйзамдарды урматтаары жөнүндөгү убадасын кубаттап, мындай деди:
- НАТО жана Евробиримдиктин министрлери дүйнө лидерлери эл аралык укукту чечмелөөдө бири экинчисинен оолактабаш керек деген маселени козгой алды. Мамлекеттик катчы Райс АКШ эл аралык келишимдерди чечмелөөдө Европадан айрымаланбайт деп убада кылды. Ушул жок дегенде айта алгыдай жакшы нерсе болду.
Башка маселелерден НАТОнун министрлеринин кечээги жыйынында уюмдун Ооганстанда кыскача ISAF деп аталган коопсуздукту сактоо күчтөрүн эми өлкөнүн түштүк провинцияларына жайгаштыруу жөнүндө расмий чечим кабыл алынды. Кондолиза Райс мындай чечимди НАТО Ооганстанда узак убакытка эсептелген милдеттеме алганынын белгиси катары мүнөздөдү:
-Биз НАТОнун эл аралык коопсуздук күчтөрүн өлкөнүн түштүгүнө жайгаштырууну караган планды бекиттик. НАТО Ооганстандагы реформаларга жардам көргөзүү жана анын коопсуздук институттарын чыңдоо, машыктыруу үчүн коопсуздук кызматташтыгынын узак мөөнөткө эсептелген планы боюнча иштөөнү кааларын баса белгилегибиз келет.
Учурда НАТОнун Ооганстанда 9,5 миңдей аскер бар. Эми аларга дагы 6 миң жоокер кошулмакчы. Алардын милдети - Ооганстандагы калыбына келтирүү иштеринде коопсуздукту камсыздоо.
Брюсселдеги кечээги жыйында мындан сырткары НАТО Ирактын аскер адамдарын машыктыруу миссиясын кеңейтээри да макулдашылды.