Улутчул большевик партиясынын отуз тогуз мүчөсүнүн соттолушу орусиялык коомчулукта ар кыл пикир жаратууда. Бийлик тараптагылар эгерде муну башкаларга сабак болгудай катуу жазалабаса, анда «ким көрүнгөн каалаган имаратты басып алып өз талабын коюу адаты пайда болот» деп аларды көп жылдарга кесүүнү талап кылууда. Бүгүн, 9 декабрде БиБиСиге берген жообунда «Бирдиктүү Орусия» партиясынын Маскөө бөлүгүнүн лидери Андрей Метельский «түстүү ыңкылаптар» дал ушундай майда иштерден башталарын айткан:
«Билесизби, буга окшогон жарандык баш бербөө канча жолу болгонун билесизби? Кыргызстанда, Грузияда жана башка жактарда өттү. Анын акыры эмнеге алып келгени баарыга маалым», - деген Метельский.
Улутчул большевиктер партиясы аталышта жаатты уюштурган жазуучу Лимонов кечөө биздин кабарчы менен болгон аңгемелешүүсүндө: «Орусия – зордукчу өлкө мамлекети», - деп айткан.
Кеткен айда «лимоновчулар» кенсе кылган Лобня көчөсүндөгү үйдү милиция ачып кирип тинтүү жасаган. Метронун «Беляево» станциясына жакын жерде дагы бир «лимоновчулар» кенсе кылган квартираны 7- ноябрде бийлик күч менен жаптырган. Кашир шоссесинде «Башкы жол» гезитинин редакциясын 24-ноябрде тинтип, акыры аны да жаптырышкан.
Бул Орусиялык Жогорку сот жакында Улутчул большевиктик партиясынын ишмердүүлүгүн карап чыгып, аны такыр жабуу чечимин чыгаргандан кийин болуп аткан иш. Ошол эле учурда декабрдин башында өткөн Москва Думасын шайлоого байланыштуу Кремл өлкөдө улутчулдук маанайды арттыруу кадамын жасагандыгын жана ал маанай менен саны жагынан аздык кылган мусулмандар, Кавказдан чыккандар менен иммигранттарды кысымга алуу болгонун», маселен, Фигаро жазды. Аналитиктердин кай бирлери «анын катарында ачык мансап талашып аткан улутчул большевиктик партия ишкердиги бейкоркунуч эле», - дешет. Дагы бирөөлөр: «Алар кадимки эле ээнбаштар, алар өздөрүн саясий маанайда тепки жеп, бийликтен кордук көргөн кылып көргөзүшүүдө», - деп да айтышууда.