Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

ИРАНДЫН ЯДРОЛУК ПРОГРАММАСЫ ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУКТУ КАБАТЫР КЫЛУУДА


Улуттар Уюмунун атомдук агенттиги- МАГАТЭнин башчысы Мохамед эл-Барадейи эл аралык коомчулукту Ирандын ядролук программасы кыжаалат кылып жатканын жума күнү Ослодо cүйлөгөн сөзүндө билдирди:
-Биз Иран бийликтери менен өзөктүк программанын масштабын жана мазмуунун такташып жатабыз. Али бир тыянакка келе элекпиз. Биз жашыруун программа боюнча мурда эмне иштер жасалганын аныктадык, бирок, анын маанилүү бөлүгү али белгисиз калууда. Мен Иран тарапты жигердүүлүккө жана мүмкүн болушунча ачыктыкка чакырам. Себеби, эл аралык коомчулук үч жылдан кийин программага баштагыдай чыдамкайлык менен мамиле кыла албайт.

Эл-Барадейи Европа өлкөлөрүнүн Иран менен сүйлөшүүлөрүн колдоду. Британия, Германия, Франция жана Ирандын августа Тегаран уранды байытууну кайра улантканда токтогон сүйлөшүүлөрү качан улантылат, белгисиз.
Ишемби күнү Ослодо эл-Барадейиге Нобел атындагы тынчтык сыйлыгы тапшырылат.

XS
SM
MD
LG