Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

СОГУШТУН ДАГЫ БИР КЫЛМЫШКЕРИ КАРМАЛДЫ


Хорваттардын мурдагы генералы Анте Готовинанын кармалганын дүйнө коомчулугу коомуту толуп кабыл алды. Гаагадагы трибунал экс-генералды Балкандагы согуш маалында сербдерди кызыл кыргынга салган деп айыптап, эл аралык издөө жарыялаган. Евросоюздун жана НАТОнун жетекчилиги Готовинанын кармалганын куш кабар деп баалашты. Загребде болсо экс-генералды улуттук баатыр деп эсептеген адамдар нааразылык жыйынын өткөрүштү.

Гаагадагы эл аралык трибуналдын башкы прокурору Карла дел Понте ырастагандай, Анте Готовина Испанияда, Канар аралдарында кармалды. Ал азыр абакта, эми Гаагага жеткирилет.
Трибунал 2001-жылы Готовинаны Балкандагы согуштун кылмышкери деп жарыялаган. Айыптоо актысында экс-генерал 1995-жылдын августунда Хорватиянын аймактарын серб күчтөрүнөн бошоткон учурда жайкын калктын кыйласын кызыл кыйма кыргынга салганы айтылат. Хорваттар болсо Готовинаны улуттук баатыр эсептешет.
Экс-генералдын айынан Загреб менен эл аралык трибуналдын ортосунда кыйын-кычык сөздөр болуп келген эле. Башкы прокурор дел Понте быйыл эле жайда Готовина Гааганын колуна тиймейинче же анын кайсы жерде жашынып жүргөнүн Хорватия тактап бермейинче Загреб эл аралык трибунал менен толук өлчөмдө кызматташып жатканын айтууга болбой турганын эскерткен. Экс-генерал кармалган соң дел Понте бул ишке Загреб чоң салым кошконун канааттана белгиледи. Атап айтканда, бул иште Хорватия трибунал жана испан бийликтери менен ийиндешип көп иш жасады. Бул үчүн дел Понте Загребге ыраазы экенин жашырбады. Экс-генералдын сары изине чыгууда трибуналга жана хорват бийликтерине иркектеш болгону үчүн ал Испанияга да ушундай ыкыласын билдирди.
Готовинанын кармалганын Евросоюз менен НАТОнун жетекчилиги коомуту толуп комментариялашты. НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер бул иш дүйнө коомчулугу үчүн, ошондой эле эң оор кылмыш кылгандардын сот жообуна тартылышын камсыз кылуу маанисинде да куш кабар катары баалады. Баш катчынын айтымында, акыры мунун өзү Хорватия үчүн да жакшы жаңылык болду.
Евросоюздун өкүлдөрү экс-генералдын кармалганы Хорватиянын биримдикке мүчө болуу пландарын ишке ашырууну илгерилете тургандыгын белгилешти. Тараптардын бул темада сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу аракеттери бир нече ирет үзгүлтүккө учураган эле. Брюсселде ырасмий Загребдин экс-генералды кармап берерине же бул ишке көмөктөшөрүнө ишеңкиребегендер мурда арбын болчу.

XS
SM
MD
LG