Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

“ПИРАМИДА” ПИКЕТКЕ ЧЫКТЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек “Пирамида” телерадиокомпаниясынын кызматкерлери жана алардын таламын талашкан журналисттер бүгүн Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышты. Алар сөз эркиндигине кол салууга бийлик жол берип жатат деп нааразылык билдиришти.

Парламент астында «Пирамиданын» кыркка чукул кызматкери колдоруна плакаттарды кармап турушту. Пикетчилер «сөз эркиндигин бууй албайсыңар» деген белги катары ооздоруна ак чүпүрөк байлап алып чыгышты. Пирамидачыларды колдоо катары алар менен кошо айрым журналисттер да турушту. «Слово Кыргызстана» гезитининин баяндамачысы Анатолий Головничев бийлик алмашуудан кийин эми маалымат мейкиндигине кол сала башташты деген оюн айтты:
- Бул оңбогон иш. Менчик бөлүштүрүү жүрүп деп атышпайбы. Эми болсо минтип маалымат мейкиндигине кол сала башташты. Бир базар жөнүндө сөз жүргөн жок, атуулдардын маалыматка болгон укугуна кол салынып жатат,- дейт Слово Кыргызстана гезитинин өкүлү.

«Интерньюс» уюмунун продюссери Динара Сүймалиева да пирамидачыларды колдоп, алар менен кошо парламент астында турду. «Заар калем» берүүсүнүн автору бул маселеге карата азыркы бийлик өкүлдөрүнүн анчалык калыс эмес мамилеси көрүнүп атат деген ойдо:
- Эгер жаңы бийлик Пирамида каналын эски үй- бүлөөнүн таасиринен бошотуп, чыныгы эркиндикке койо берсе мактанарлык иш болмок. А эгер биз үй- бүлөөлүк каналды башка үй-бүлөө каналына алмаштырып атсак, андай эч айрымасы жок да,- дейт Динара Сүйүмалиева.

Пирамидачылар азыркы бийлик өкүлдөрү телеканалдын айланасындагы кырдаалга көңүл бурбай атканына нааразы болушууда. Башкы редактор Элина Чернявская вице-премьер министр Адахан Маудмаровго ишеним көрсөтпөй тургандыктарын билдирди.

Президенттин маалымат кызматы таркаткан маалыматка караганда президент Курманбек Бакиев "Пирамиданын" айланасындагы кырдаалды териштирип, чара көрүүнү Адахан Мадумаровго тапшырган.
«Пирамиданын» кабарлар бөлүмүндө иштеген Алмаш Шабданалиеванын айтымында, алар бир гана депутаттардан калыстыкты күтүп атышат.
-Бийлик өкулдөрү биздин маселеге көңүл бурсун деп аргасыздан пикетке чыгып отурабыз. Мына канчадан бери айтылып атса да, эч ким көңүл бурган жок. Азыр биз парламенттин депутаттары коргоп калат го деп үмүт кылып атабыз, -дейт Алмаш Шабданалиева.

"Кабарлар" берүүсүнүн алып баруучусу Анастасия Кириллова Азаттыкка мындай таасирлери менен бөлүштү:
-Жагымсыз болот экен. Жумуштан караңгыдан чыгып баратсаң, өтө бийик тепкичтен түшүп баратсаң жарыкты өчүрүп салып атса, анан эле гүрсүйгөн бир байкелер келип коркутуп кирсе, жаман эле болот экен. 5 мүнөттө бул жерден жоголбосоң, мурда болуп көрбөгөндөй окуяга кабыласың деп коркутушту. Баса, алар мамлекеттик номердеги машиналар менен келишти,- дейт Анастасия Кириллова.

Пикетчилерге Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Темирбек Токтогазиев чыгып, атайын депутаттык комиссия иштей баштаганын кабарлады. Анын айтымында, 14-декбарда тиешелүү комитетте бул маселе каралат жана жуманын соңуна чейин депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктайт.

«Медиа- инвест» компаниясынын өкүлдөрү 12- декабрда АКИ- пресс агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, азыркы бийликтин да, президенттин баласы Максим Бакиевдин да эч кандай тиешеси жок деп билдиришти. Аталган компаниянын юристи Илларион Адамяндын айтымында, «Пирамиданын» уставдык капиталынын 50 пайызына ээлик кылып келген «Ареопаг-Бишкек» компаниясы менен азыркы «Медиа-инвесттин» кожоюндары бир. «Пирамида» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Кубатбек Байболовдун айтымында, 14-декабрда комиссиянын алгачкы жыйыны болот. Ага чейин бардык материалдар менен таанышып чыгып, бардык тараптарды тең угуп чыгышмакчы.

XS
SM
MD
LG