Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

КАБАРДИН-БАЛКАРДА АБАКТАГЫЛАРГА АЕО ЖОКПУ?


Венера Сагындык кызы , Прага АКШда жайгашкан “Хьюман Райтс Уотч” уюму билдирүү таратып, Орусиянын курамындагы Кабардин-Балкарда октярь айында орун алган окуялар үчүн шектелген адамдар абакта уруп-кыйноого туш болгонуна тынчсыздануусун маалымдады. Нальчиктеги кол салууларга тиешеси бар деп камакка алынган адамдарга абактарда зордукчул мамиле жасалып, күнөөнү мойнуна алдырыш үчүн ур-токмокко алынганын алардын адвокаттары билдиришкен.

Адвокаттар Расул Кудаев аттуу жигиттин Нальчиктеги окуяларга чейин жана андан кийин түшкөн сүрөттөрүн көрсөтөт. Алгачкы сүрөттөрүндө күчкө толуп турган Расул – үйүндө, көңүлү көтөрүңкү маанайда. Кийинки сүрөттө аны таанып болбойт, өңү азып, шалдырай түшкөн, бетинин ылдый жагы көгала. Кудаевдин адвокаты Александра Зернова башка да орусиялык коргоочулар менен бирге Кабардин-Балкарда түрмөдө азап тарткан адамдардын 15 чакты сүрөтүн Батыштык маалымат каражаттары менен укук коргоо уюмдарына жөнөтүшкөн. Орусиялык gazeta.ru жана newsru.com интернет-сайттары ал сүрөттөрдүн айрымдарын жарыялашты.

Адвокат Александра Зернова Лондондон телефон аркылуу берген интервьюсунда Кабардин-Балкардын бийликтери исламчыл согушкерлерге тиешеси бар деп шектелип, абакта отурган адамдарга түзүлгөн шарттар жөнүндө жалган маалымат таратып жатканын айтат.

- Расул Кудаев отурган абаккананын башкы догдуру анын апасына уулуңуз жапжакшынакай отурат, эч ким аны кыйнаган жок деп калп айткан. Бул сүрөттөрдү көргөн адам кантип ошого ишенсин.

Расул Кудаевдин бир тууган агасы чак түштө инисин кармап кетээрде эле куралчан адамдар күч колдонуп баштаганын айтат.

- Алар Расулду биздин үйдүн жанында эле уруп-сабап машинеге салып кетишти. Адвокат Зернова Лондондогу кишилерге чалып, алар Расул жөнүндө сурай баштаганда гана бошотушту. Иним 4 саат абакта эч кандай кылмыш иши ачылбай эле отурду. Энебиз чыдабай башкы прокурорго кат жазды эле, ал жактан сиздин уулуңузду кармаган кишилер мыйзамсыз иш жасаган эмес, аны эч ким урган эмес деген кат келди.

Расул Кудаев ага чейин да 2001-жылы Ооганстанда талибандарга тиешеси бар деген шек боюнча кармалып, АКШнын Гуантанамо базасында абакта отуруп чыккан. Ал жана дагы башка орусиялык туткун 2004-жылдын май айында күнөөсү жетиштүү далилденген жок деп бошотулган. Эркиндикке чыккан ал экөө бирок үйүнө кайтып бараардан мурун Орусиянын Пятигорск шаарындагы абакка отуруп чыгышкан. Расулду Орусиянын бийликтери ошону менен тим койбой үйүнө улам бир рейд жасалып, тергөө-суракка алып кетип турушканын агасы Арсен баяндайт.

Кудаевдердин үй бүлөсүнө окшоп, уулдары абакта кыйноого туш болгондор Нальчикте аз эмес. Бийликтегилер октябрь айында болгон кол салуулар боюнча шектелип, 50дөй киши камакка алынганын билдиришкен. Укук коргоочулар камакка алынгандардын саны чынында кыйла көп, алардын айрымдары абакта көз жумганы тууралуу маалыматтардын чын-төгүнүн текшерүү кыйын деп белгилешет.

XS
SM
MD
LG