Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:23

ИРАК: КҮРДДӨР ШАЙЛООНУН ШАРАПАТЫН АВТОНОМИЯНЫ ЧЫҢДООДОН КӨРӨТ


Иракта 15-декабрга белгиленген парламенттик шайлоо үчүн күн мурунтан добуш берүү башталды. Бүгүн ооруканда жаткандар, түрмөдөгүлөр, коопсуздук кызматкерлери добуш беришти. Шейшембиде болсо чет өлкөлөрдө жашаган ирактыктар добуш берет. Алар үчүн 15 өлкөдө шайлоо бекеттери ачылган. Ошентип, Саддам Хусеиндин режими кулагандан бери ирактыктар алгачкы ирээт мыйзамда көргөзүлгөн мөөнөткө иштөөчү толук кандуу парламентти ушул бейшембиде шайламакчы. Шайлоону утурлай коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Шайлоонун ирактык күрддөр үчүн мааниси канчалык ?

Ирактык күрддөр үчүн кимге добуш берүү керек деген суроонун жообу шайлоого чейин эле табылгандай. Себеби негизги күрд партияларынын баары шайлоого бириккен тизме менен катышууда жана өткөн январь айындагы шайлоодой эле күрд шайлоочуларынын жапырт колдоосун алаары күтүлүүдө. Ал эми парламенттеги мүмкүнчүлүгүн күрд саясатчылары Багдадга бир катар чечиле эле маселелерде кысым көргөзүү үчүн пайдаланчыдай.

Андай башы ачыла электердин арасында күрд лидерлери күрд автоном аймагына кошууну көздөгөн Киркук шаары өңдүү жерлердин статусун аныктоо маселеси да бар. Бейшембидеги шайлоонун күрддөр үчүн эмоционалдык да жагы да жок эмес. Себеби ал Саддам Хусеиндин режими тушунда жер которууга мажбур болгон жүз миңдеген күрддөрдүн мурда жашаган жерлерине кайтуусун шарттоодо. 1970-80 жылдары Ирактын түндүк чөлкөмүн арабдаштыруу кампаниясы учурунда мунайга бай Киркук шаарынан эле 150 миңдей күрд күч менен көчүрүлүп, алардын ордун арабдар баскан болчу.

Фарук атуу бул киши Киркуктан 1987-жылы көчүрүлгөн. Саддам бийликтен кулатылган 2003-жылдан бери ал өз үйүнө бир нече ирээт келгенин, бирок аны кайтарып ала электигин айтат:

- Менин үйүм ээленген, азырынча кайрып ала элекмин. Учурда ал жерде бир араб жашайт. Киркуктун өкмөтү аны мага кайтарып бере элек.

Фарук "Азаттык" жана "Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде кошумчалагандай, ал да Саддамдын режими учурунда өз үйүнөн көчүүгө мажбур болгон башка миңдеген улутташтары менен бирге бейшембиде Киркук шаарына барып добуш берет. Анын ишениминде, мына ушул жагдай күрд лидерлеринин Киркук күрд шаары жана Күрд автоном аймагынын курамына кириши керек деген аргументинин бекемделишине салым кошмокчу.

Кезинде жер которууга мажбур болгон күрддөрдү мекенине кайтаруу күрд лидерлери шайлоодон кийин Багдаддан талап кылуучу жалгыз эле маселе эмес. Ирактын мунайдан алган кирешесинин бөлүнүшү боюнча да күрддөр арасында канаатанбоочулук бар. Учурдагы макулдашуу боюнча Күрдүстан мунайдан түшкөн улуттук кирешенин 17%ын алат. Бирок макулдашуу мунайдын бир баррелинин баасы 26 доллар же азыркы нарктын жарымынан азын түзгөн кезинде жетишилген жана күрддөр эми бул макулдашуу өзгөртүлүшү керек деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG