Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 00:14

Казакстандык үч жаранды Астана тартип коргоочулары алып кетишти


БИШКЕК. 1-октябрдан бери Бишкек шаарында жашынып жүрүшкөн казакстандык үч уланды 13-декабрда Астана шаардык тартип коргоо кызматкерлери күч менен алып кетишти. Казакстан бийлиги куугунтуктап жатат деп билдиришти өздөрүн Казакстандагы оппозициячыл «Жаштардын патриоттук кыймылынын», «Отан» саясий партиясынын мүчөлөрүбүз деп тааныштырган казакстандык Азамат Жетписпаев, Абжан Махамбет жана Жанбута Карашулаков аттуу бул жарандар. Алардын айтымында, Астана шаардык каржы полициясы аталган уландарга жалган жалаа менен кылмыш козгогон. Казакстандык тартип коргоочулар менен бул операцияда кызматташкан Бишкек шаардык ички иштер кызматынын, казакстандык тартип коргоо кызматынын өкүлдөрү да аталган окуяга түшүндүрмө беришкен жок. Укук коргоочу Азиза Абдырасулова бул фаткыны сынга алды

XS
SM
MD
LG