Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

ОРУСИЯЛЫК ДЕМОКРАТТАР КЕЛЕРКИ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО БИРДИКТҮҮ ПАРТИЯ ТҮЗҮҮГӨ КАМЫНЫП ЖАТЫШАТ


Төрөкул Дооров, Москва. Дүйшөмбү күнү Орусиянын либерал саясатчылары менен укук коргоочулары өлкөдө демократиялык жана адам укуктарын коргоо максатында жылдык конгрессин өткөрүштү. Экинчи ирет өтүп жаткан конгрессте айтылгандай, бул баалуулуктар ушул тапта Кремлдин чабуулу астында калып жатат. Жалпы орусиялык атуулдук Конгресстин негизги максаты – жумурияттагы демократиялык оппозицияны бириктирүү.

Орусиянын либерал саясатчылары менен укук коргоочулары азыркы орус бийликтерин сындап, өлкө авторитардык режимге ооп баратканын айтышты. Андыктан мамлекеттеги баардык либералдык маанайдагы тараптарды тезинен биригүүгө чакырышты.

Алардын ичинде СПС-оңчулдар партиясынын лидери Никита Белых демократиялык партиялар 2007-жылы өтө турган парламенттик шайлоого бириге тургандыгын билдирди.

- Демократиялык партиялардын лидерлери же аларга лидер боло ала тургандар келерки парламенттик шайлоого бириккен демократиялык партия катарында катышуу үчүн чогулуп жатышат.

Адам укугун коргоо боюнча эларалык Хельсинки тобунун Москвадагы бөлүмүн жетектеген Людмила Алексееванын айтымында, Жалпы орусиялык атуулдук конгресстин дал ушул Конституция күнүндө өткөнү да бекер болгон жок. Мунун мааниси адам укуктары дале басмырланып жаткан жагдайга каршылык көрсөтүү дегенди билдирет.

Конгрессте негизги лидерлердин дагы бири, белгилүү шахматчы Гарри Каспаров, өз кезегинде, Путинди Орусияда мурдагы Советтер Союзунун тибиндеги тоталитардык мамлекетти курууга аракет кылып жатат деп айыптаса, мурдагы премьер-министр Михаил Касьянов бүгүнкү Орусия ага Советтер Союзун эске салаарын билдирди. Касьянов, мындан сырткары, өкмөттүн аракеттерине такай көз салып туруучу күчтүү бирикме түзүүнү сунуштады.

- Мамлекетте болуп жаткан окуяларга бейтараптуу, так баа берүү үчүн Атуулдук Конгресске ушул жерде олтурган лидерлердин жардамы менен өзүнүн Коомдук палатасын курууну сунуштайм, - деди Касьянов.

Ал өткөн ишембиде Курск шаарына барган учурда Reuters маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып, Орусия азыр туура эмес багытта баратканын айткан эле.

Бирок, анын айтымында, Орусия туура эмес жолдо баратат деп эле тынчып калуу мүмкүн эмес. Саясатчылар эл менен жолугуп, адамдарга чынында эмне болуп жатканын түшүндүрүүлөрү керек.

Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө «Яблоко» партиясынын лидери Григорий Явлинский демократиялык күчтөрдүн биригишине тоскоол болуп жаткан себептердин бирине кайрылып, лидерлик үчүн атаандаштыкты токтотуу зарыл экенин белгиледи.

- Бизге эмне маанилүү? Бизге кимдин жетекчилигинде биригүү эмес, кайсыл максат үчүн биригип жатканыбыз маанилүүрөөк. Биз кимдир бирөөгө каршы болуп эле түзүлө калбай, кайсыл максатта аракеттенишибиз зарыл экендигин билишибиз зарыл, - деди «Яблоко» партиясынын лидери Григорий Явлинский.

XS
SM
MD
LG