Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

ЕВРОБИРИМДИК ТҮШТҮК КАВКАЗДА АРАЧЫЛЫК КЫЛГЫСЫ КЕЛЕТ.


Азербайжан, Армения жана Грузиянын тышкы иштер министрлери кечээ шейшемби күнү Брюсселде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Хвьер Солана дагы башык ырасмий адамдар менен кездешти. Жолугушуудан соң Солана Евробиримдик Түштүк Кавказдагы жөндөлбөй турган чатактарды басууга катышууга даяр экенин маалымдады. Жыйында биримдикке коңшу өлкөлөр менен кызматташуу планы да талкууланды. План боюнча сүйлөшүү Кипр Грек Республикасы менен Азербайжан арасындагы чырдан улам токтоп турган.

Түштүк Кавказдын постсоветтик үч республикасынын тышкы иштер министрлери менен Брюсселде өткөн сүйлөшүүдөн кийин, Евробримдиктин тышкы иштер комиссары Ховьер Солана Тоолуу Карабах жана Түштүк Осетия чатагын басуу боюнча талдоочулар күтпөгөн билдирүү жасады:

-Бул чөлкөмдө, мындайча айтканда, айрым “тоңдурулган” жана “аз тоңгон” чатактар бар. Кандай болгондо да, бул чатактарды басууда Европа биримдиги мүмкүн болгон бардык жардамын сунуш кылгысы келет.

Солана биримдик жардамды кандай формада көрсөтүлөрүн ачыкка чыгарбады. Бирок, Тоолуу Карабах сүйлөшүүлөрүнө катышууга сунуш болсо, “Евробиримдик ага даяр” деди ал.

Армениянын тышкы иштер министри Вартан Осканян анын өлкөсү мурдакыдай эле Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Минск тобу арачылык кыла берүүсүн оң көрөрүн айтып, ырасмий Ереван “Евробиримдиктин чатакты жөндөөгө түз аралашуусун” каалабасын сыпаа айтты. Осканяндын сөзүнчө, Тоолуу Карабах чатагында келерки жылы оң жылышытар болсо, биримдик ошондон кийин чөлкөмдү өнүктүрүүгө инвестиция жагынан жардамдашса болот.

Грузиянын тышкы иштер министри Гела Бежушвили Түштүк Осетия калабасын басуу боюнча ырасмий Тбилиси сунуш кылган планды Евробиримдик колдогонун белгилөө менен, бул иш Россиясыз чечилбесине көңүл бурду:

- Биринчиден, биз Түштүк Осетия боюнча план сунуш кылганбыз жана аны аткаруу Евробримдик-Россия ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде болуш керек. Андыктан, Евробримдик менен Россия бул саясый диалогду өткөрүшү абзел. Россиясыз натыйжага жетишүү абдан оор болот.

Бежушвили Тбилиси сунуш эткен планды Түндүк Осетиянын кабыл алганын “маанилүү жылыш” деп атады жана биримдиктин чек арада байкоочулук кылуусуна Грузия кызыкдар экенин кошумчалай кетти.
ЕБ учурда Молдованын жана Украинанын чек арасында мониторинг жүрүгүүгө камданууда.

Армения, Грузия, Азербайжан мурда Брюссел сунуш кылган коңшу өлкөлөр менен кызматташуунун беш жылда планын колдошту. Азербайжан тарап Түндүк Кипрдин Түрк Республикасы-КТР менен коммерциялык аба каттамын ачканыдан улам Кипр Грек Респубикасы-КГР планга каршы чыккан (КГР Евробримдиктин мүчөсү, ал эми КТРди бир гана Түркия тааныдан). Анүчүн план токтоп калган. Бул талашты жөндөөгө ырасмий Баку ынтызар экенин Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Мамадияров билдирди:

-Биз бул маселени Кипр гректери менен сүйлөштүк. Андай сүйлөшүүлөрдүн бирин мен акыркы жолу Люблянада Кипр гректеринин тышкы иштер министри Якову мырза менен өткөрдүм.

Вартан Осканян учурдан пайдаланып, Кипр-Баку ортосундагы араздашуудан Армения жапа чегип калбасын деп, сөз кыстарды:

-Биз бардык иштер мамыр нукта өнүгөт жана Азербайжан менен Евробримдикке мүчө бир өлкөнүн арасындагы келишпестиктен Армения жапа тартпайт деп үмүт кылабыз.

XS
SM
MD
LG