Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 19:32

АНТИКОРРУПЦИЯЛЫК КОНВЕНЦИЯ КҮЧҮНӨ КИРЕТ


Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бүткүл дүйнөлүк конвенция 14-декабрдан тартып күчүнө кирет. Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясында 2003-жылдын октябрында кабыл алынган бул документ милдеттүү күчү бар эл аралык конвенцияларга кирет. Ага 140 өлкө кол койгон,азырынча алардын 38и гана ратификациялады. Конвенция милдетүү мүнөздөгү төрт принципке негизденет,башкача айтканда,ага кошулган өлкөлөр коррупциянын алдын алганга,андай иштерди кылмыш жоопкерчилигине тартканга, бу жагынан эл аралык коомчулук менен тыгыз кызматташканга,ошондой эле коррупциянын айынан пайда болгон материалдык чыгымдардын ордун толтурганга милдеткер.

Конвенциянын тарапкерлери бул документти коррупцияга каршы күрөштүн жаңы табылган майнаптуу инструменти деп аташат. Бирок иликтөөлөр көрсөткөндөй, конвенция мындай күчкө ээ болгуча дагы далай заман өтчүдөй. Коррупция ушунчалык кеңири таралгандыктан,аны бардык жерде кадимки эле күнүмдүк көнүмүштөй санап калышты. Мисалы,Тажикстанда жолдо токтоткон полицменби, бузулган буюм-тайым оңдогону келген устабы,айтор,ким болбосун бир чыны чай, таттуу-матуу сураса, алакан жанса,салааларын карсылдатса, мунун баары пара тилеп жаткандын ишаарасы,дейт өлкөнүн борборундагы стратегиялык иликтөөлөр борборунун эксперти Абдивохид Шаломов.
Кыргыздарда болсо чайпул, желкепул,чоторпул, кол акы,көз акы, оозбасар, уйкулук,базарлык жана башка ушул өңдүү ондогон айтымдарда күнүмдүк тиричиликтеги, каада-салттагы майда коррупциянын мааниси туюнтулат. Эл аралык Transparency International уюмунун декабрдын башында жарыяланган докладында Тажикстан,Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан дүйнөдөгү ашкере коррупцияланган өлкөлөрдүн тобуна киргизилген.
Улуттар Уюмунун антикоррупциялык конвенциясы, Transparency Internationalды негиздөөчүлөрдүн бири Фриц Хейманндын айтымында, дүйнөлүк өкмөттөрдү эле эмес, дегеле көңкү калктын өзүн коррупциялык салт-санаадан, жашоо жолоюнан арылганга да үндөгөн документ. Анын бир маанисин Хейманн ушундан көрөт. Конвенцияда ошондой эле коррупциялык былыктарды ашкерелеген адамдарды коргоо жагы да каралган. Коррупция дайыма тымызын жасалат,андай фактыларды маалымдаган адамдар болбосо, аларды ашкерелөө дегеле мүмкүн эмес, дейт Хейманн.
Коррупция,арийне,жакыр өлкөлөрдө эле жайылган көрүнүш эмес.Ал бардык байгер өлкөлөрдө да бар.Бирок Норвегиянын тажрыйбасы ага каршы күрөштүн майнаптуу жолун тапса болорун көрсөтөт. Бул өлкөдө ким болбосун,жеке адамбы же ири корпорациябы,жыл сайын казынага канча салык төлөгөнүн, ашыкча алмандан кандай кайтарым алганын, соопкерчилик иштерге канча каражат карыштаганын, айтор, керектүү бардык маалыматтарды өкмөт интернетке салып, жарыялап турат. Норвегия мунайга бай өлкө болсо да коррупцияга калганда алда канча таза, адал коом. Ал эми табигый байлыкка мол өлкөлөрдүн көбү,алардын ичинде Казакстан Transparency Internationalдын жадыбалында коррупция коолап-чайлаган коомдордун катарына кошулуп жүрөт.
Transparency Internationalдын Москвадагы бөлүмүнүн башчысы Елена Панфилованын айтымында, Россияда коррупцияга каршы күрөштүн келечегине ишенбеген маанай өтө жогору. Мындай басыңкы маанай көп өлкөлөрдө кезикпейт. Элдин басымдуу көпчүлүгү коррупцияга байланышкан жагдай соңку үч жылда мурдагыдай эле калыбында калды, атүгүл начарлап кетти деген ойдо.

XS
SM
MD
LG