Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

ИРАН ПРЕЗИДЕНТИ ИЗРАИЛДИ КӨЧҮРҮҮ ҮЧҮН ЖАЙ ИЗДӨӨДӨ


Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад Израилге кайрадан бир тийди. Шаршемби күнү өлкөнүн түштүк чыгышындагы Захедан шаарында миңдеген адамдардын алдында экинчи дүйнөлүк согуш тушундагы жөөттөрдү кырууну-холокаусту “Кудайдан, диндерден жана пайгамбарлардан” өйдө турган калп, болбогон “миф” деп, Израилди Жакынкы Чыгыштан тыш жакка көчүрүп кетүү зарыл деди.

Президент Махмуд Ахмединежад 14-декбарда ирандыктарды Израилге каршы тукуруусун дагы уланттып, адегенде Европага тишин кайрады:

– Эгерде сиз (европалыктар) оор кылмыш ( Холокаус) жасасаңар, ал кылмыш үчүн эмнеге бейкүнөө палестина эли жооп бериш керек?

Ахмединежаддын калың эл алдындагы сөзүн Ирандын улуттук телевидениеси жаамы элге түз алып көрсөтүп жатты:

i>– Сиздер эгер мындай кылмыш ( Холокаус) жасаган болсоңуздар, өз жериңиздердин бир бөлүгүн, Европанын, Кошмо Штаттардын, Канаданын же Алясканын алакандай жерин аларга (жөөттөргө) мамлекет куруп алгыла деп берсеңер жакшы болмок.

Иран президенти эки жума мурда да холокауст үчүн Европа жооптуу болгондон кийин, жөөттөрдүн мамлекети үчүн өз территориясынан жер бериши керек болчу деген.

Президент Ахмединежаддын “сөз чабуулунан” кийин Израил эл аралык коомчулукка кайрылып, Ирандын ядролук куралдуу болушуна мүмкүнчүлүк бербөөгө кайрадан чакыра баштады. АКШ да Ахмединежаддын сөздөрү Ирандын ядролук программасына болгон тынчсыздануунун негиздүүлүгүн күбөлөй турганына көңүл бурду.

Евробиримдиктин аткаруу органы Еврокомиссия Ахмединежаддын сөзүн сындады. Уюмдун өкүлү Емма Эдвин:

– Ирандын президенти кайра кайталап айткан сөзүнө карата-бул бүтүндөй жарыбаган сөз деп айтаар элем. Бул сыяктуу кеп-сөздөр Ирандын кызыкчылыгына зыян келтире турганын биз абдан жакшы сезебиз жана минтип тийишүүлөр Иранга ишенич менен мамиле кылууга зыяндан башка эч кандай пайда бербейт.

Германиянын тышкы ишкер министри Штайнмайер Ирандын лидеринин сөзү жакында кайра уланчу Евробиримдик-Тегеран ортосундагы ядролук сүйлөшүүлөрдү татаалданта турганын эскертти.

Тегеран университетинин профессору Задех Зибакалам “Азаттык” радиосуна берген интервьюда, өлкө президентинин алдын-артын ойлонбой жана тарыхый чындыкка каршы айтылган сөздөрү АКШ менен Израилдин Иранды ядролук программадан баш тартыруу үчүн эл аралык кысымды күчөтүүсүнө өбөлгө бере турганын айтты:

Акыл-эстүү адамдар, илимпоздор жана башкалар ага (Ахмединежадга) мындай комментарийлерди жасоо, айрыкча, дүйнө биздин ядролук программабызды байкап турган чакта, биздин өлкөнүн кызыкчылыгына доо келтирерин айтып жатышат. Америкалыктар менен израилдиктердин бизге каршы жүрүш баштоосуна жетерлик жүйө берилди. Ахмединежад мырза Израилди сүйүндүрүп, сөздү түз эле алардын коргонуна ыргытууда. Ахмединежаддын сөздөрү тарыхый жактан туура эмес. Ошон үчүн ал бу айтылган бардые сөздөр Ирандын улуттук кызыкчыыгына каршы экенин эсинен чыгарбаш керек. Менин оюмча, Ахмединежад ушундай сөздөрдү айтып, элдин көңүлүн алганына маашырканып жатат көрүнөт. Тилекке каршы, ал айткан сөздөрүнүн жана жасаган кадамдарынын аягы эмнеге алып барарын ойлобогон сыяктанат.

Ирандык таанымал журналист Машалла Шамсолваезин президент Ахмединежад жеке жарандык пикирин жалпы улутка ачык айтып, Иран Ислам Республикасынын тыш өлкөлөр менен болгон мамилесин кризиске түртүүдө дейт:

-Мырза Ахмединежад үчүн түрдү пикирди айта берген жаран менен президент ортосунда айрыма жок. Бул сыяктуу комментарийлерди акыркы 25 жылда маалымат каражаттары, саясый уюмдар, партиялар же саясатчылар жасашкан эмес. Андыктан, бул анын жеке көз карашы жана максатсыз эле айтылууда деп айта алабыз. Деген менен, эл аралык мамилебизде кризис түзүп жатпайбы.

Махмуд Ахмединежад биринчи жолу октябрь айында “Израил деген мамлекет карта бетинде болбош керек” деп чакырык салган.

XS
SM
MD
LG