Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:07

ИРАК ЗОМБУЛУКТАН КУТУЛУУ ҮЧҮН ДОБУШ БЕРҮҮДӨ


Иракта парламенттик шайлоо өтүүдө. 15 миллион шайлоочу 275 орундуу парламентке депутаттарды шайлоодо.

Добуш берүү учурунда жардыруулар жана кол салуулар орун алды. Маселен, Мосулда шайлоо участкасына жакын жерде бомба жарылышынан кароолчу набыт болду. Ошондой эле жардыруулар Багдаддын айланасында орун алганы кабарланууда. Өз добушун бергенден кийин Ирактын премьер министри ал-Жафари буларды билдирди:

-Бүгүн Ирак дүйнө жүзүнө белги берип, тиранияга караганда эркиндикке умтулуу күчтүүрөөк экенин билдирүүдө. Демократия шайлоо эле эмес. Ал элдин өкмөт жана парламенттин ишин көзөмөлгө алышы.

Январь айындагы шайлоо четке каккан сунниттер бул ирет ага катышууда.Акыркы маалыматтар боюнча, Ирактын шайлоо комиссия добуш берүү мөөнөтүн бир саатка узартты.

XS
SM
MD
LG