Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:04

Жалалабад шаарында коррупцияга каршы күрөш маселесин талкууланды


ЖАЛАЛАБАТ. Коррупция менен күрөшүүгө өлкөдөгүлөрдүн саясий эрки жетишпейт. Социалдык жактан корголбогон эл жакырчылыктын айынан төрөт үйүнөн тартып, жогорку бийлик кызматтарына чейин пара берүүгө аргасыз. Мыйзамдар да коррупциялашкан жол менен кабыл алынгандыктан бийлик уюмдарынын жемкорлукка каршы күрөшү натыйжасыз болууда. Изилдөөлөр паракорчулук балдар бакчалары менен мектептерде, окуу жайлары менен мамлекеттик уюмдарга, атүгүл адамды акыркы сапарга узатуу каадасына да жайылганын көрсөткөн. Эски бийликтеги коррупциядан улам чыккан март ыңкылабы бийлик алмашуусун камсыз кылганы менен системаны өзгөртө алган жок. Турмуштук адатка айланган коррупция өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирет. Жемкорлукту азайтуу ишине бейөкмөт, коомдук жана эл аралык уюмдар тартылып, наристелерден өйдө таза жашоону үйрөткөндө үзүрү кайтат. Ушундай ойлор козголгон жыйынды облустук бийлик менен президенттик администрациянын алдындагы акыйкат башкаруу кеңешмеси ОБСЕнин колдоосу менен өткөрдү.

Аба ырайы
Синоптиктердин айтымында, 16-декабрда Кыргызстандын аймагы боюнча дээрлик кар жаашы күтүлбөйт. Түштүк-чыгыш тараптан ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7 градус суук, күндүз +7...+12 градус жылуу.
Таласта түнкүсүн -8...-13 градус суук, күндүз +6...+11 градус жылуу болот.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн 0...-5 градуска суук, ал
эми күндүз +8ден...+13 градуска чейин жылыйт.
Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн -6...-11 градус суук, күндүз +4...+9 градус жылуу.
Тоолуу Нарын облусунда түнкүсүн -23...-28, күндүз -14...-19 градус суук.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы: түнкүсүн -2...-4 градус суук, күндүз +10...+12 градус жылуу.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бурулкан Сарыгулова, Шайырбек Эркин уулу жана облустук кабарчылар даярдашты.

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG