Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:24

ИРАКТАГЫ ШАЙЛООНУН ЖАКШЫ ӨТКӨНҮ МААЛЫМДАЛДЫ


Кечээ Иракта парламенттик шайлоо болду. Борбордук шайлоо комиссиясы калк шайлоого жакшы катышканын маалымдады. Саясый өнөктүктү Кошмо Штаттары менен Британия “тарыхый окуя” деп аташты. Россия да шайлоону оң жышаан катары баалап, Москва Ирактын жаңы өкмөтү менен кызматташа турганын билдирди. Сунни азчылыктары шайлоого бул ирет бойкот жарыялабастан, тескерисинче, жамаатты добеш берүүгө жапырт чыгууга үндөп жатты.

Шайлоо алдында кошумча коопсуздук чаралары кабыл алынгандыктан, калк добуш берүүгө таң эртеден эле жандуу келишти. Түштүктөгү Басра шаарындагы шайлоокомдун башчысы Тага Касымдын айтышынча:

-Бүгүнкү шайлоого январдагы биринчи шайлоого жана андан кийинки жалпы элдик референдумга караганда жакшы өттү. Мурдакы шайлоолорго караганда көп эл добуш берди.

Өнөктүк маалында чек ара жабылып, каруу жарак алып жүрүүгө, автомобилдерди айрым жерлерде айдоого тыйуу салынды.
Дияла провинциясындагы Бакуба шаарынын четиндеги кыштыктын тургуну Салима Хусейн айым шайлоо өлкөгө тынчтык алып келет деген үмүттө:

-Бүгүн Иракта майрам. Биз тынчтык жана бейпилдик үчүн террорчуларга чакырык таштадык. Тынчтыка жетебиз, Кудай кааласа. Биз бирдиктүү жана демократиялуу Ирактын келечеги азыркыдан да жакшы болоруна ишенебиз.

Багдаддын өкмөттүк имараттар жайгашкан “Жашыл тилкесине” жакын жерде болгон жардырууну айтапганда, борбор шаарда башка шоокум болбоду. Батыштагы Рамади, түндүктөгү Тикрит жана Мосул шаарларында болгон жардырууларда бир адамдын өмүрү кыйылганы маалымдалды.

Шииттердин премьер-министр Ибрагим Жафари башындагы Бириккен Ирак альянсы 275 орундуу парламентте көпчүлүк мандатка ээ болот деп болжолдонууда.
Мурдакы премьер-министр Аяд Аллави жетектеген Ирак улуттук тизме да парламентте күчтүү фракция болушу ыктымал экени айтылууда.

Саясый күчтөр шайлоонун ийгиликтүү өтүүсүнө кызыгып, элди жапырт добуш берүүгө дембе-дем чакырып жатты. Шииттердин диний көсөмү Улуу Аятолла Али ас-Сустани калкты ишенимдүү талапкерлерди колдоого, ал эми сунни азчылыгынын лидерлери өз жамааттарын жапа тырмак добуш берүүгө чакырышты. Суннилер январда убактылуу парламент үчүн болгон шайлоону бойкот кылышкан.

Күрт азчылы элди бөлбөй бир тизмеге Күртистан демократтык партиясын жана Күртистан патриоттук союзунун, ошондой эле бир нече майда партиялардын өкүлдөрүн киргизишти.

БШКнын башчысы Фарид Аяр “Эркин Ирак” радиосуна берген интервьюда, арыз-дооматтар көп түшкөнүн билдирди:

-Биз доктор Аллавинин тизмесиндеги жана башка тизмелерден добуш берүүнүн жүрүшү жана шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу көптөгөн арыздарды алдык. Алар азыр каралууда. Арыз-дооматтар көбүн эсе диний символдорду колдонууга жана бир тизменин колдоочуларынын башка тизмедегилердин жактоочуларын опузалап-коркутуусуна байланыштуу. 160 арызды бир түндө карап чыгуу мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG