Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

ИРАКТА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТТҮ


Жаңыл Жусупжан кызы, Прага Бийлик төбөлдөрү Иракта кечээ өткөн парламенттик шайлоого жогору баа беришүүдө. Бул күнү бир нече жерде бомба жарылды, бирок жалпысынан тынч болду.

Иракта Саддам Хуссейн кулатылган 2003-жылдан берки алгачкы парламенттик шайлоо жалпысынан тынч өттү. Багдаддын тургундары анын ачык жана акыйкат болгондугун айтышууда.

Алардын бири Абдул Хади Убаид "шайлоо эркин жана демократиялыуу болду, биз өз укугубузду көз карандысыз пайдаландык" десе, Самави "Кечээ ирактыктар шайлоого шайдоот барып, терроризмге сүр көрсөттүк. Кудай өзү кааласа, биз өз тагдырыбызды өзүбүз чечебиз" дейт.

Ошол эле убакта эреже бузуулар тууралуу арыздар келип түшүүдө. Шайлоо комиссиясынын жетекчиси Фарид Аяр Азаттыктын Багдадагы кабарчысына мындай деди:

- Биз мурдагы өкмөт башчысы Доктор Аяд Аллабинин шайлоочулар тизмесинен, ошондой эле башкалардан шайлоонун жүрүшү жана жалпы эле шайлоо өнөктүгү боюнча көп арызданууларды алдык. Бул арыздарды биз карап жатабыз. Көбү диний эн-белгилердин колдонулушуна байланышкан, башкалары бир тизменин колдоочулары башкаларына күч колдонгон учурлар бар.

Түндүк Ирактагы күрдүлөр да борбордук парламентке добуш беришти. Алардын бири биздин кабарчы Мустафа Махмудга "негизгиси коопсуздук. Биз биринчи кезекте коопсуздукту жана эркиндикти тилейбиз. Суу жок электр жарыгы жок, жашообуз кыйын, бирок жашоо оңолот» деп үмвттөнөбүз деп айтты.

Шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү шайлоочулардын активдүүлүгү жогору болгондугун белгилешүүдө. Катталган шайлоочулардын 70 пайызы добуш бергендиги болжолдонуп жатат. Шайлоонун жыйынтыгы жарым айдын ичинде жарыяланышы керек.

Кошмо Штаттары менен Британия Ирактагы шайлоо "тарыхтагы улуу күн" болуп калды деп агынан жарылышты. АКШнын президенти Жорж Буш "миллиондогон ирактыктарды "террористтердин коркутууларына карабастан, добуш беришкенин мактады. НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер "шайлоо бирдиктүү жана улам тынчып келаткан Ирактын байдубалын бекемдейт" деди. Орусия да ыраазы болду. Тышкы иштер министрлиги шайлоонун уюшкандыкта өткөндүгүн айтып, Маскөө Ирактын жаңы өкмөтү менен кызматташа тургандыгын бышыктады.

XS
SM
MD
LG