Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

ДСУнун ЖЫЙЫНЫ МУНАСА МЕНЕН АЯКТАДЫ


Айданбек Акмат уулу, Прага шаары Дүйнөлүк соода уюмунун Гонконгдо бүгүн аяктаган жыйынында субсидия маселеси боюнча мунаса табылды. Ага ылайык бай мамлекеттер 2013-жылга карай өз фермерлерине жардам берүүнү токтотмок болду.

Сегиз күнгө созулган сүйлөшүүдөн кийин тараптар орток пикирге келишти. Европа Биримдигинин сүйлөшүүдөгү өкүлү Питер Мэнделсон фермерлерге 2013-жылга карай жардам берүүнү токтотуу сунушун кабыл алганын билдирди. Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Гонконгдо болгон маалымат жыйынында Индиянын соода министри Камал Натх келишимге жетишүү өтө татаал болгонун билдирди:

- Биз интенсивдүү, экстенсивдүү жана башка түрдүү кыйын талкуулардан чыктык.

АКШ, Бразилия жана Индия баш болуп, Европа Биримдиги 2010-жылга карай фермерлерге жардам берүүнү токтотуш керек деген пикирде болушкан эле, бирок ал дагы үч жылга созулмак болду.

Бразилиянын тышкы иштер министри Сеолсо Аморим жетишилген макулдашууну “чыныгы компромис” деп, бирок анын дагы тактай турган деталдары бар экенин белгиледи:

- Мен бул документти ашыра чаппаймын. Бирок аны өтө эле начар деп да атай албаймын. Анын кемчилиги - деталтары так аныкталбагандыгында. Биз азыр субсидиялар канчага кыскарат, экспортко колдоо көрсөтүү качан токтойт, билбейбиз. Андан сырткары өнүгүп келаткан өлкөлөрдү өнүккөн өлкөлөр өз рыногуна канчалык өлчөмдө эркин киргизет? Ушулар ачык-айкын эмес. Ошондуктан мен документти жупуну баалаймын.

Дүйнөлүк соода уюмунун жыйынынын акыркы күнүндө да антиглобалисттер көчөгө чыгышып, нааразылык акцияларын өткөрүштү. Ишемби күнү антиглобалисттер полиция менен катуу кагылышып, анда тартип коргоочулар аларга каршы суу чачып, көз жаш куюлтчу газ пайдаланган эле. Нааразылык акциясына чыккандар Дүйнөлүк соода уюму ири компаниялардын кызыкчылыгын коргоп, жардыларга доо кетирүүдө, деген пикирде болууда.

XS
SM
MD
LG