Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Президент конституцияны шашмалык менен өзгөртүүгө каршы


БИШКЕК. Конституциялык реформа маселесине келгенде шашмалык кылган жарабайт. Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев 19- декабрда президенттик администрациянын жыйынында билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, башмыйзам Бакиеге же Куловго ылайыкталып жазылбашы керек. “Мамлекет башына ким келгенине карабастан Конституция жок дегенде 20 жыл иштегидей болушу керек” деп баса белгиледи президент.
Эркиндик” баштаган 7 саясий партия 2006- жылы январь айынын соңунда референдум өткөрүп, ага Конституциянын жаңы долбоорун коюуну талап кылууда. Конституциялык кеңешменин мүчөсү Асия Сасыкбаева Өмүрбек Текебаевдин жетекчилиги менен июнь айында даярдалган долбоордун үстүнөн иштеген оң деп эсептейт. 21- декабрда конституциялык кеңешменин кезектеги жыйыны болот, ага президент Курманбек Бакиев да катышаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG