Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ ЖАШЫРУУН ТЫҢЧЫЛЫК АРАКЕТТЕРДИ КОЛДООГО АЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү Вашингтон шаарында журналисттер менен жолугуп, өтүп бараткан жылдын жыйынтыктарын чыгарды. Анын айтымында, коомчулук тарабынан азыр катуу сынга алынып жаткан жашыруун тыңчылык аракеттери улантылууга тийиш, анткени ага өлкөнүн бүткүл коопсуздугу көз каранды.

АКШ президенти Жорж Буш 19-декабрда Вашингтон шаарында журналисттер менен жолугуп, өтүп бараткан 2005-жылдын жыйынтыктары тууралуу сүйлөдү. Анын айтымында, Ирактагы согуш жеңишке чейин улантылууга тийиш, ал эми мурдагы президент Саддам Хусейндин кеңири кыруучу куралы жок болуп чыкканы - абал канчалык опурталдуу болгонун көрсөтөт. Президенттин пикиринде, Саддам андай курал өндүрүү аракеттерин улантышы мүмкүн болчу, ошондуктан АКШнын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч түзгөн.

Аны менен катар Жорж Буш 15-декабрда Иракта өткөрүлгөн парламенттик шайлоого да колдоо көрсөтүп, өлкөдөгү көптөгөн мыйзам бузууларды бул шайлоо токтото албаганы менен, эми Иракта жаңы турмуш баштала турагынына басым жасады, анткени эркин добуш берүү менен демократиянын пайдубалы түзүлүүдө.

Иран мамлекетенин өзөктүк программаларынан чыккан маселе дагы өтө орчундуу жана Вашингтон аны менен байланыштуу өзүнүн саясатын улантат. Буштун айтымында, азыр маселени дипломатиялык жол менен чечүү ыкмалары изделип жатат жана бул тармакта азыр - европалык үч мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер улантылууга тийиш. Алмания, Британия жана Франциянын дипломаттары эки жылдан бери Иран өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Буштун айтымында, акыркы мезгилде Ирандын жаңы президенти Махмуд Ахмадинежад бир нече опурталдуу билдирүү жасагандыктан маселе курчуп кетти.

Маалымат жыйынында АКШнын өзүндө акыркы күндөрдө чыккан чатак тууралуу да сөз болду жана президент - маселени ачык талкууга чыгарган журналисттер жана маалымат каражаттарынын аракеттери өлкөнүн коопсуздугуна зыян тийгизиши мүмкүн деп билдирди: "Согуш жүрүп жаткан мезгилде мындай орчундуу программа тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу - бул жөн гана маскаралык. Биз аны ачык талкуулагандан душманга гана пайда болот. Силер түшүнүүгө тийишсиңер - жана мен ишенем, Америка эли аны түшүнөт - АКШга жаңы сокку урууга даярданып жаткан душман дагы эле күчүндө. Аларды биз кантип издеп жатканыбыз тууралуу маалымат ачыкка чыкканы - алардын аракеттерин өркүндөтүүгө көмөк болуп калышы мүмкүн", - деди президент.

"Нью-Йорк таймс" гезити бул жашыруун программа тууралуу 16-декабрда көлөмдүү макала жарыялаган жана гезиттин айтымында, макала мындан бир жыл мурда эле даярдалган, бирок АКШ өкмөтүнүн суранычы менен анын жарык көрүү мөөнөтү көптөгөн айга кечигип келген. Бир жылдын ичинде макаладан - мамлекетке мүмкүн зыян тийгизе ала турган маалыматтын баары алып салынган, ошондо дагы анын жарыяланышы бүткүл Америкада кызуу саясий талкуу жаратты. Бир нече сенатор президенттин саясатына каршы чыгып, атайын комиссия түзүүгө жетишти.

Америкалык мыйзамдар боюнча өлкө ичинде кимдир бирөөнүн артынан аңдуу аракеттерин жүргүзүү үчүн сөзсүз сот чечими керек, бирок 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы ири террор аракеттери көрүлгөндөн кийин президент Буштун жактыруусу менен Улуттук коопсуздук агенттиги атайын жашыруун программа иштеп чыккан. Анын алкагында айрым адамдардын телефондорун Агенттик тыңшай баштаган жана башка тыңчылык аракеттерин да көргөн. Андай иш үчүн сот чечимин алууга ашып кетсе бир күн кетмек, бирок Агенттиктин айтымында, маселе өтө тыкыр болчу жана шашып аракеттенүү керек болгондуктан, сот чечимдери кээде кийин кабыл алынчу. Анткен менен андай сот чечимдерин кабыл алуу үчүн негиздер мыйзам бузуу аркылуу табылган.

Гезиттин айтымында, азыр ал программа боюнча беш жүзгө жакын адамдын артынан жашыруун тыңчылык жасалууда, бирок айрым учурларда андай укугу бузулгандардын саны бир нече миңге жетип кеткенкен. Кээ бир саясатчылардын пикиринде, 11-сентябрдан кийин кабыл алынган айрым атайын мыйзамдар мындай аракеттерге уруксат берет жана Конгресс түзгөн комиссия аны иликтеп чыгууга тийиш.

XS
SM
MD
LG